Аймак

БИШКЕКТЕ ШКУ БАШЧЫЛАРЫНЫН ЖОЛУГУШУУСУ ӨТҮҮДӨ

БИШКЕКТЕ ШКУ БАШЧЫЛАРЫНЫН ЖОЛУГУШУУСУ ӨТҮҮДӨ

 1,016 Бардыгы /

Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын жыйыны өтүп жатат.

Ага Кыргызстандан тышкары Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери жана Пакистандын, Индиянын премьер-министрлери катышууда.

Ошондой эле уюмда байкоочу макамына ээ болгон Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголиянын башчылары да бүгүнкү жыйынга катышуу үчүн келген.

Саммиттин соңунда мамлекет башчылар 20 макулдашууга, ал эми министрлик-мекемелер деңгээлинде 10 документке кол коюлат.

11 өлкөнүн президенти жана 2 мамлекеттин премьер-министри катышып жаткан саясий иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу өтүүдө.

WWW,

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17