Аймак

Айтыбар чечен

 4,643 Бардыгы /

Айтыбар  чечен

[b]Аксыбектин табылгасы[/b]

Кийинки мезгилде тарыхчы, жазуучу, иликтөөчү Асыкбек Оморовдун (Чынтемир) ысмы кыргыз коомчулугунун арасына кеңири тарап, аны урматтаган, сыйлаган атуулдардын саны улам көбөйүп бара жатат. Анткени ал, тарыхты этнографияны өз алдынча иликтеген, жаны тынбаган иликтөөчү. Ал Кыргызстандан 1-болуп кроссвордчу катары таанылган, алгачкы кроссворд жыйнактарын чыгарган, кыргыздардан 1-болуп Москвадагы “Поле чудес” оюнуна кроссвордчу катары катышкан адам экендигин айтуу менен ынамдуу тарыхый булактардын негизинде жазылган “Чынгыз хан” жана “Темирлан” сыяктуу тарыхый романдарынын жана “Кыргыздын ырым-жырымдары” аттуу илимий популярдуу китептин автору. Анын айтуусунда кыргыздар эң байыркы эл экендиги талашсыз чындык. Алар Азиянын чыгышы Манчжуриядан баштап Днепр (Делбирим) дайрасына чейин жашап, “оомалуу-төкмөлүү дүйнө” дегендей, ар кайсы кылымда бирде жеңип, бирде жеңилип, бирде толуп, бирде бөксөрүп келген жоокер калк.
Кыргыздардын түпкүлүктүү эл экендигин Россиянын Красноярск, Алтай крайларында жана Кытайдын Синзянь автономдуу областындагы, Табагатайдагы, Манчжуриядагы тарыхый булактар жана жер-суу аттары далилдеп турат. Асыкбек агайдын оригиналдуу көз карашы, пикири бар. Өткөн айда менин бактыма аны менен маектешүү мүмкүнчүлүгү туш келди. Анын далилдүү аңгмелерин уксаң, укулуктуу сөзүн тыңдасаң ал сени өзүнө магнит сындуу өзүнө тартып алат…
Анын айткандарын айрым кыскартуулар менен жарыялап турууну чечтик.
[b]

Айтыбар чечен

[/b]

Илгери акылман адамдарыбыз бири-бирин сынаганда айтылган туура жоопторго унчукпай, сөзгө баш ийип, жеңилгенин билдирип, өзүнүн койгон шартынан баш тарткан эмес. Мындай чечендердин сөздөрү элге түшүнүктүү болуп, кийин эл арасында бул окуялар тууралуу көп айтылып, атактуу композитор же обончулардын обондору кайра иштетилип чыккан сыяктуу жалпы элдин арасында айтылып калат. Ошол эле убакта чечендер айтышында ойду туура тапкан ойчулдар эл арасында ээликкен, тапталган күлүктөй жулкунуп, ким карап турса дагы тартынбай, оюндагысын туура, так жана даана жооп менен жалпы элди муютуп сөз сүйлөй алат. Мындай чечендердин сүйлөшү анын ички дүйнөсүнүн логикасынын күчтүүлүгүндө жана табигаттын берген таланттын чексиз баалуулугунда.
Чечендик сөздөгү эң башкы нерсе – айтылган ойдун тереңдигинде жана таамайлыгында. Алар жөнөкөй адам маани бербеген же аңдап билүүгө мүмкүнчүлүгү жетпеген нерселерге жалпы адамдын көңүлүн буруп, анда катылып жаткан жаңы ойлорду ачып берет.
Күндөрдүн биринде Айтыбар чечен Каркырадан кайтып келатса, Текес баатыр жолунан чыгат. Салам айтып жайын сурайт. Анда Айтыбар чечен:
– Мен төрт дартка чалдыктым, ошолорду издеп жүрөм, – дейт.
– Чеченим, издеген дартыңыз эмне? – деп сурайт анда Текес баатыр.
– Биринчиси – ашуу бербеген тоого кез болдум; экинчиси – өткөөл сууга кез болдум; үчүнчүсү – даамдуу дарымды таппай калдым; төртүнчүсү – аеосуз жоонун колунда калдым.
Ошондо Текес баатыр Айтыбарды жалт карайт да, ылдам бастыра берет. Үйүнө келип атасына: «Айтыбар чечен, Айтыбар чечен эле дейсиңер, аныңар алжып калган чал тура, жайын сурасам дөдүрөп ар кайсыны айтат» дейт. Анда атасы: «А, балам, кайран киши кор болуп калган тура, бир ирикти өңөрүп барып, көзүнүн тирүүсүндө батасын алып кел» дейт. Текес баатыр атасынын сөзүн кыйбай, кайра Айтыбардын алдына барат. Айтыбар чечен болсо айткан сөздүн баарына түшүнгөн тура деп ойлоп, жайдары тосуп алып, кайра Текес баатырга суроо узатат:
– Алыстан эмне алыс?
Жакындан эмне жакын?
Таттуудан эмне таттуу?
Анда Текес баатыр: «Жер менен Көктүн ортосу алыс, адамга аял жакын, баладан таттуу жок» дейт. Айтыбар чечен анын жообуна ыраазы болбой, ичинен нааразы болуп, мындай деп жооп узатат:
– Билимдүү менен билимсиздин ортосунан алыс эч нерсе жок.
Адамга ажал жакын. Булар күн менен түндөй, өмүр менен өлүмдөй киндиктеш нерсе.
Жандан таттууну дүйнөдө табуу кыйын. Өлүм башына келгенде баласын кыйган четинен чыгат, – деди да, мурдагы сөзүнө түшүнгөн экен деп сурап көрсө, Текес баатыр анын маанисин билген эмес экен. Ошондо Айтыбар чечен өзүнүн суроосуна өзү мындай деп жооп берет:
– Ашуусуз тоого кез болдум дегеним – тиземди сары суу чалып, баса албай калдым дегеним.
Өткөөлсүз сууга кез болдум дегеним – көзүмдү жаш басып, чылпактады дегеним.
Даамдуу дарымды таппай калдым дегеним – наспайымды таппай калдым дегеним.
Аеосуз жоонун колунда калдым дегеним – келин баланын колунда калдым дегеним.
Укпай ушак айтып, көрбөй ууру кылгандан түңүл. Уккан – улама, көргөн – көсөм, ар нерсеге маани берип жүрбөсөң – укканың бекер. Кой чүкөсү дебегин – колуңа жакса, сакадыр. Жашы кичүү дебегин – акылы жакса агадыр. Алжыган чал дебегин – кайраса алыс барадыр.
Мына ошол жерден Текес баатыр жообунун туура эмес экенине аябай уялып, же турган жеринен жерге сиңип кете албай, алып келген иригин эмне деп берерин билбей, андан ары сөз баштай албай, өлбөгөн төрт шыйрагы калат.

[b] Жазып алган: Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ [/b]

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17