Аймак

КЫРГЫЗСТАН ЖАНА УКРАИНА ЖЕҢИЛ ӨНӨР ЖАЙЫ МАСЕЛЕЛЕРИ ВИДЕОКОНФЕРЕНЦИЯДА ТАЛКУУЛАНДЫ

КЫРГЫЗСТАН ЖАНА УКРАИНА ЖЕҢИЛ ӨНӨР ЖАЙЫ МАСЕЛЕЛЕРИ ВИДЕОКОНФЕРЕНЦИЯДА ТАЛКУУЛАНДЫ

 907 Бардыгы /

КИЕВ. Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин демилгеси аркасында Кыргызстан жана Украинанын жеңил өнөр жай тармагында кызматташуусун мындан ары өркүндөтүү маселелери жөнүндө видео конференция уюштурулду.

            Кыргыз тараптан конференцияга жеңил өнөр жай ишканаларынын Биримдигинин президенти, Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин, тигүүчү ишканалардын жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышышты. Ал эми Украина тараптан конференцияга Соода өнөр жай палатасынын, жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясынын, тигүүчү, тери иштетүүчү жана бут кийим чыгаруучу ишканалардын жана жогорку окуу жайдын өкүлдөрү катышышты. Иш-чарага Элчиликтин кызматкерлери жана Украинадагы Соода өнөр жай палатасынын өкүлдөрү дагы аралашты.

            Видеоконференциянын алкагында тараптар жеңил өнөр жай тармагында эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу менен кызматташууну талкуулап, тигүүчү жана тери иштетүүчү – бут кийим чыгаруучу тармактардагы тажрыйбалар менен алмашып, бирикмелердин жана ишканалардын деңгээлинде түздөн-түз байланышты калыптандыруу жана өндүрүлүп жаткан буюмдарды сатуу, биргеликте иш ордуларын ачуу туурасында макулдашышты. Украин тарабы Кыргызстандан тери, токума кездеме, пахта кездемесин алуу кызыкчылыгын дагы билдирди. Ал эми жогорку окуу жайлар ортосунда Украинадагы окуу жайлардын базасында окуучулардын билимин жогорулатуу боюнча маселелер талкууланды.

            Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан жана Украинанын жеңил өнөр жай Биримдиктеринин ортосундагы Меморандумга кол коюлду жана  бизнес-делегациялардын эки тараптуу өз ара иш сапарлары макулдашылды.

 Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17