Аймак

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ МАМДУМАНЫН КОМИТЕТ ТӨРАГАСЫ МЕНЕН ПИКИР АЛМАШТЫ

КЫРГЫЗ ЭЛЧИСИ МАМДУМАНЫН КОМИТЕТ ТӨРАГАСЫ МЕНЕН ПИКИР АЛМАШТЫ

 1,146 Бардыгы /

МОСКВА. Москва шаарында Кыргызстандын Орусиядагы  Элчиси Аликбек Жекшенкулов Орусиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш боюнча Комитетинин төрагасы Л.Калашников менен жолугушту.

Тараптар эки тараптуу жана эл аралык күн тартиптеги маслелердин кеңири чөйрөсү боюнча өз ара пикир алмашышты. /стүбүздөгү жылы Чолпон-Ата шаарында өткөрүлчү Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети менен Орусиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш боюнча Комитетинин кезектеги биргелешкен жыйыны боюнча маселелер өзгөчө каралды.

Жолугушууда ошондой эле Кыргыз Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Орусия Президенти Владимир Путиндин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча келишимдерди ишке ашыруу маселелери, Кыргызстан менен Орусиянын Кыргызстандагы жылын өткөрүүгө арналган биргелешкен болжолдуу иш-чаралар, ошондой эле Орусиянын жогорку окуу жайларында кыргызстандыктардын билим алуусу үчүн квотаны көбөйтүү боюнча демилгени мыйзамдык жактан колдоо, Орусиядагы эмгек мигранттарынын абалын жакшыртуу үчүн кошумча шарттарды түзүү жагы дагы кызуу талкууланды.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17