Аймак

АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА КҮМҮШ МЕДАЛЫН ТАГЫНГАН АРДАГЕР

АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА КҮМҮШ МЕДАЛЫН ТАГЫНГАН АРДАГЕР

 1,531 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Үстүбүздѳгү жылдын 6-12-июнь күндѳрү Чолпон-Ата шаарында ѳткѳн спорттун «кол күрѳш» түрү боюнча Азия чемпионатында милициянын отставкадагы улук лейтенанты Акылбек Жаңыбаев байгелүү 2-орунду багындырды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сѳз кызматы билдирди.

68 жаштагы милициянын ардагери 100 кг жогорку салмакта күч сынашып, жаштар менен тең тайлашып, мыкты жыйынтык кѳрсѳткѳн. Аны бул жеңиши менен Жалал-Абад ОИИБнин жетекчилиги жана ѳздүк курамы куттукташып, Дүйнѳ чемпионатына жолдомолуу ардагерди ар дайым колдоорун айтып, ден соолук, спорттук ийгиликтерди каалап ѳттү.

Ал эми КРнын ИИОнун катардагы жана жетектѳѳчү курамынын кызмат ѳтѳѳсү жѳнүндѳгү Жобого ылайык, Жалал-Абад ШИИБнин коомдук коопсуздук кызматынын нѳѳмѳт бѳлүгүнүн улук инспектор-нѳѳмѳтчүсү, милициянын майору Т. Курбановго милициянын подполковниги кезектеги наамы ыйгарылып, ошол эле буйрук менен милициянын подполковниги Курбанов Таалайбек Исматович ИИОдо жалпы 30 жылдан ашуун эмгектенип, белгиленген чектеги жаш куракка жеткендиги үчүн ардактуу эс алууга чыгарылды.

Ардагер милициянын подполковниги Таалайбек Курбановду Жалал-Абад ШИИБнин жетекчилиги жана ѳздүк курамы ардактуу эс алууга чыгуусу менен куттукташып, сый-белек тартуулашып, ага ден соолук, узун ѳмүр дѳѳлѳттүү карылык каалашты. Ѳз учурунда, ардагер дагы деле болсо кызматташтыгын үзбѳй, ИИОдо алган 30 жылдык мол тажрыйбасын жаш кызматкерлерге бѳлүшүп, насаатчылык кѳрсѳтѳѳрүн белгилеп ѳттү.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17