Аймак

ТҮЛЕЕВ ШАЙЛОО АЛДЫНДА АТАМБАЕВГЕ 500 МИҢ ДОЛЛАР КАРЫЗ БЕРГЕНИН БИЛДИРДИ

ТҮЛЕЕВ ШАЙЛОО АЛДЫНДА АТАМБАЕВГЕ 500 МИҢ ДОЛЛАР КАРЫЗ БЕРГЕНИН БИЛДИРДИ

 775 Бардыгы /

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев экс-президент Алмазбек Атамбаевге шайлоо өнөктүгүнө деп 500 миң доллар карыз бергенин билдирди. Бул тууралуу анын Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселесин кароо үчүн түзүлгөн депутаттык комиссияга жолдогон билдирүүсүндө жазылган.

Кайрылууну комиссиянын бүгүнкү жыйынында экс-мэрдин кызы Назгүл Түлеева окуп берди.

Анда кайсыл шайлоо тууралуу сөз болуп жатканы ачык жазылган эмес. Бирок Атамбаев андан 2007-2008-жылдары эле карызга акча сураганы белгиленген.

Мурдагы калаа башчынын айтымында, кийин Атамбаевден карызын доолаганда президенттин ага карата мамилеси кескин өзгөрүп, көп өтпөй ал камакка алынган.

Азырынча Алмазбек Атамбаев менен анын өкүлдөрү Түлеевдин бул айыптоосу боюнча пикирлерин билдирише элек.

Нариман Түлеев Бишкек шаарын 2008-2010-жылдары башкарган. Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда төрт жыл камакта жатып, бир катар ири бизнес-объектилеринен кол жууган.

Ал ортодо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчи орун басары Талантбек Кожонов депутаттык комиссия билдирген тогуз айыптын сегизи боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17