Аймак

«АЗАТТЫКТЫН» ТАЖИК КЫЗМАТЫНЫН ЖУРНАЛИСТТЕРИНЕ КОЛ САЛГАН АЙДООЧУ АЙЫППУЛ ТӨЛӨЙТ

«АЗАТТЫКТЫН» ТАЖИК КЫЗМАТЫНЫН ЖУРНАЛИСТТЕРИНЕ КОЛ САЛГАН АЙДООЧУ АЙЫППУЛ ТӨЛӨЙТ

 887 Бардыгы /

Душанбенин Шохмансур райондук соту «Азаттык» радиосунун тажик кызматынын журналисттерине кол салган автобус айдоочусун Административдик кодекстин «Майда бейбаштык» беренесин бузган деп таап, 385 сомони (40 долларга жакын) өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттендирди.

Журналисттер өткөн жумада коомдук транспорттун иши жөнүндө видеоматериал даярдап жүргөндө автобус айдоочусу менен кондуктордун кол салуусуна кабылышкан.

Сотто айдоочу күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Бирок ошол эле маалда ал журналисттер Шодмони Ятим менен Алишер Зарифи өздөрүн тааныштырбастан эле айдоочу менен кондуктордун ишин видеого тарта баштаганын билдирди. «Алардын ким, кайдан экендиги чекелеринде жазылып турган жок да. Журналисттер экенин мен кайдан билейин? Аларда атайын кийимдери жок болчу», — деди Зоиров.

Бирок сотко жабырлануучу катары катышкан журналист Алишер Зарифи алгач алар өздөрүн тааныштырышканын, бирок айдоочу менен кондуктор видеого тартууга уруксат бербей, каршылык көрсөтүп, аларды сөгүп, опузалашканын айтты.

​Окуя 13-июнда баш калаадагы «Садбарг» соода борборунун алдында болгон. Анда кабарчылар тартып алган видеодо автобус айдоочусунун сөгүнгөн сөздөрүн, коркутуп-үркүтүүлөрүн угууга болот.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17