Аймак

СИЗ БИЛБЕГЕН КӨМҮСКӨДӨГҮ (ЖАҢЫ) КЕСИПТЕР

СИЗ БИЛБЕГЕН КӨМҮСКӨДӨГҮ (ЖАҢЫ) КЕСИПТЕР

 5,710 Бардыгы /

Жыл сайын өкмөт тарабынан жогорку окуу жайларга 5 705 гранттык орун бөлүнүп берилет. Билим берүү министрлиги менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2018-2022-жылдары эң керектүү болчу 10 адистикти аныктады. Бул жылдары эмгек рыногунда өнөр жай, билим берүү, курулуш, айыл чарба жана медицина тармактарына адистер көбүрөөк талап кылынат.

4-5 жылдык өмүрүн, канчалаган  каражатын жумшап кесипке ээ болуу маанилүү эмес. Окууну аяктаган соң жумуш таап кетүүсү – негизги көйгөй болуп турган учур. Буга чейин бүтүрүүчүлөр ЖОЖго  тапшырууда престиждүү деп аталган кесиптердин артынан түшсө, учурда айрымдары ойлорун өзгөртүшкөн. Аты бар заты жок кесиптерди тандап, дипломун сандыкка сактаган жакындарыбызды көрүп жүрсөк керек. А аты жок, заты бар кесиптерде адистер жетишсиз, суроо-талап жогору болгон адистиктерди да билесизби? Муктаждыктардан улам жаралган жаңы адистиктерден кабардарсызбы?  

 

Гүлдана ТОКОЕВА, ЖАМУнун билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн башчысы: “КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДАСА, ЗАМАН ОШОНУКУ”

– Кесип тандоо – тагдыр тандоого тете кадам. Ошондуктан, ар бир адам учурдагы “мода” болуп жаткан романтикалык багыттарга азгырылбастан өзүнүн көңүлүнө, жөндөмүнө, мүнөзүнө жана үй-бүлөлүк кесиптик традицияларына таянып туруп чечим кабыл алганы оң. Учурдун талабындагы кесипти туура тандап алса – заман ошонуку.

Бизде ЖАМУда мурда лицензия алып окулуп жаткан адистиктерден сырткары учурдун талабына ылайык жаңы ачылган эл аралык укук профили, автомобиль жолдору жана аэродромдор профили, курулуш багыты, гидротехникалык курулуш профили, токой иши жана ландшафтык курулуш багыты (токой чарбасы профили), транспорттук процесстердин технологиялары багыты (кыймыл коопсуздугу жана уюштуруу профили), нефти, газ кендерин ишке киргизүү жана иштетүү профили жана өзгөчө кырдаалдарда коргонуу профили, графикалык дизайн профили ачылган. Жогоруда аты аталган адистиктер Жалал-Абад областына эң керектүү кесиптер десек болот. Бул багытта иштеген жумушчулар болгону менен бирок ошол кесиптеги адистер жок экен. Бизге ушул багытта адистерди даярдап бергиле деген сунуштардын негизинде лицензия алганбыз. Андыктан ушул тармактарга кызыккан абитуриенттерди окуу жайыбызга чакырабыз.

Анвар ЖОЛДОШБАЕВ, К.Ш.Токтомаматов атындагы ЭАУнун окуудан тышкаркы иштер, мамлекеттик тил жана коомчулук менен байланыштар боюнча проректору: “КООМДУК ТАМАКТАНУУДА ТЕЙЛӨӨ АДИСТИКТЕРИ АЧЫЛДЫ”

-Бизде акыркы 2-3 жыл аралыгында жаңы адистиктер ачылып, студенттерди окута  баштадык. Мисалы, Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжинде “Туризм” адистиги, “Мейманкананы тейлөө”, “Коомдук тамактанууда тейлөөнү уюштуруу” адистиктери жаңы эле ачылды. Мындан сырткары “Унаада ташууларды уюштурууну башкаруу” адистиги да бар. Бул адистикке тапшырган студенттер 9 базадан тапшырса, 2 жыл 10 ай, 11 базадан болсо, 1 жыл 10 ай окушат. Ал эми Гуманитардык-экономикалык колледжинде “Котормо иши” (англис тили), “Социалдык камсыздоону уюштуруу” адистиктери ачылган.

Университетте “Интернет технологиялар жана башкаруу” багыты ачылды.   Бул бакалавр системасында окутулат.  Ал эми магистратурада жаңы “Юриспруденция” багытына лицензия алдык. Буга чейин бизде магистратурада “Менеджмент”, “Экономика” багыты гана болгон. Юриспруденция багытына магистратура ачуубуздун себеби Жалал-Абаддагы бир да окуу жайда бул багытта магистратуралык билим берилбейт. Билимин андан ары өркүндөтүүнү каалаган жаштарыбыз Өз жеринде окуй алышат.

Бегижан АЛЫМКУЛОВ, мамлекеттин жана укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасынын башчысы: “ЭЛ АРАЛЫК ЮРИСТ БОЛГУҢУЗ КЕЛСЕ…”

-Экономикалык-юридикалык факультетинин юриспруденция багытындагы адистигин даярдоодо үч кафедра тейлейт. Анын ичинен мамлекеттин жана укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасынын жетекчилиги астында 2018-19-окуу жылында бизде Кытай таануу багытында жаңы адистик ачылды. Бул адистиктин алдына койгон максаты Кыргызстандын жарандарынын, мекеме-ишканалардын укуктарын эл аралык деңгээлде коргоочу адистерди чыгаруу. Кытай таануу дегенибиз бул ошол өлкөдө тажрыйба алмашып келгенге мүмкүнчүлүктөр бар. Ушул багытта кесипкөй адистерди даярдоодо бизде бардык шарттар бар. Бүгүнкү күндө ушул жылы кабыл алынган бир тайпабыз 1-курсту ийгиликтүү аяктап, жайкы эс алууга тарашты. Жаңы окуу жылында дагы студенттерди кабыл алууга даярбыз.

 

КООМЧУЛУККА ТАРАЛБАГАН КЕСИПТЕР

Жаштарыбыз чемоданда сактала турган дипломдор эмес, өзүнө, өлкөсүнө пайда келтире турган кесип, адистик алуу үчүн убакыт коротушу керек. Ал эми университеттер өлкөбүздө бири-биринен көп айырмаланбайт – дейт, ЖАМУнун билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн усулчусу Нурланбек АЙТИКЕЕВ. Ал областта эң керектүү бирок коомчулукка таралбаган адистиктер менен ой бөлүштү.   

Нефти, газ иштери багыты – нефти, газ чыккан жерлерди иштетүү, пайлануу адистиги Кочкор-Ата колледжинин базасында ошол шаарда окутулат. Ал жерде өндүрүштүк көп тажрыйбасы бар мугалимдер сабак берет. Жалал-Абад – нефтини өндүрүп иштетип жаткан област катары белгилүү болгондуктан да муктаждыктан улам келип чыккан адистик болуп саналат.  Бардык эле өндүрүштүк өнөр жайлар менен келишимдерибиз бар. Практикалык сабактарды Кыргыз нефтинин базаларында өтөшөт. Учурда студенттер кабыл алынып, эң жогоркусу 2-курсту бүтүштү.

Токой чарбасы – ЖАМУда 2012-жылдан бери токой иши жана ландшафтык курулуш багыты боюнча токой чарба адистерин даярдоо жүргүзүлүп келет. Жалал-Абад областы өлкөнүн токою көп аймактарына кирет эмеспи. Кыргызстандын ичинде 42 токой чарбанын 18и биздин областта жайгашкан. Анын ичинен 4 улуттук корук бар. Ошондой болсо да бүгүнкү күндө бул багыт коомчулук арасында  өтө деле таралбай жатат десек болот. Ландшафтык курулуш багыты чет жакта өтө өнүккөн тармак болуп эсептелет. Ар бир адам өзүнүн короо жайында кооздукту, сулуулукту  көргүсү келет эмеспи. Бул адистик ошол өсүмдүктөрдү туура жайгаштырууну, аларга туура кам көрүүнү айтор ошол багытты даярдайт. Бул боюнча бизде илимдин кандидат, докторлору, чет өлкөдө тажрыйба алмашып келген агайлар, ошондой эле көп жыл чарбада иштеп келген мугалимдерибиз бар. Бул багыт баарыбыз үчүн эле керектүү болгондуктан быйыл да студенттерди кабыл алууну жарыяладык.

Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу адистиги – бул адистик да 2012-жылы ачылган. Жалал-Абад колледжинде да окутулат. Бакалавр системасында табигый-техникалык факультетинде билим берилет. Бул багытта да ӨКМдин областтагы башкармалыгында өзүбүздүн аудиторияларыбыз бар.

 

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ЭМНЕ ДЕЙТ?

Бекболот АВАЗОВ:

Мен быйыл мектеп бүтүрүүчүсүмүн. Буйруса архитекторлукка тапшырып, ал кесиптин эң мыкты адиси болом деп максат коюудамын. Өлкөбүздө ири өнөр жайлар жок го эсе.  Кудайым буйруса ошол өнөр жайлар курулат. Эң биринчи ошол курулуштардын проекторун жакшы чийсе, ал ал өнөр жайлар көпкө кызмат кылат деп ишенем.

Бул кесипти тандоомо Мирлан деген аяшатамдын салымы бар. Ал көптөгөн имараттарды,  мечиттерди курганга жардам берген. Ошол элге үзүрлүү эмгегин көрүп, мен да ушул кесиптин ээси болом деп максат койгом. Ата-энеме сунуштасам, макул болушту. Бардык бүтүрүүчү досторума ак жол. Өздөрүнүн тандаган кесибинин мыкты адиси болуу менен элибизге, өлкөбүзгө ак кызмат кылуусуна тилектешмин.

Кылым МАЙРАМБЕК кызы:

Мен келечекте мыкты врач болгум келет. Бул кесипти тандаганымдын себеби өзүмдүн жана жакын адамдарымдын ден соолугу үчүн кам көргүм келет. Врач кесибин тандоомо бала-чакта болгон автокырсык себеп болду…

Жаш кезимден эле врач болом деп алдыма максат койдум. 7-8-класстарда биология сабагынан,  9-10-11-класстарда химия сабагынан олимпиадаларга барып жакшы ийгиликтер менен кайттым.  Бул кесипти өзүм сүйүп тандап жатам.

Буйруса 2-курс аралыгында Германияга барып окуп келейин деп жатам. Мен окуйм деп жаткан университетте 2-3-курстарда мобилдүүлүк менен чет жакка жөнөтүшөт экен.

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17