Аймак

ТРАМП 2020-ЖЫЛКЫ ШАЙЛОО ӨНӨКТҮГҮН БАШТАГАНЫН БИЛДИРДИ

ТРАМП 2020-ЖЫЛКЫ ШАЙЛОО ӨНӨКТҮГҮН БАШТАГАНЫН БИЛДИРДИ

 947 Бардыгы /

АКШнын президенти Дональд Трамп 2020-жылкы шайлоо өнөктүгүн баштаганын расмий жарыялады. Бул тууралуу ал Флорида штатындагы тарапкерлеринин митингинде билдирди.

Өз сөзүндө Трамп анын командасы жасаган ишти буга чейин бир дагы президент жасабаганын жана бир дагы мамлекет башчы азыркыдай шартта иштебегенин белгиледи. «Биз бул иштерди мындан кийин да уланта беребиз. Силерди эч качан оңтойсуз абалга калтырбайм», — деди президент.

Ал «коррупциялык системаны жок кылуу үчүн» америкалыктарды 2020-жылы 3-ноябрда шайлоого келип добуш берүүгө чакырды.

SSRS уюму тарабынан жүргүзүлгөн жаңы сурамжылоого ылайык, америкалыктардын 54 пайызы 2020-жылкы президенттик шайлоодо Дональд Трамп кайрадан шайланып келет деп божомолдошууда.

Трамптан тышкары Республика партиясынан президенттикке Массачусетс штатынын мурдагы губернатору, 73 жаштагы Уильям Уэлд ат салыша турганын айткан. Демократиялык партиядан 20дан ашык саясатчы президенттик жарышка катышуу ниетин билдиришкен. Алардын арасында Вермонт штатынан сенатор Берни Сандерс, АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байден жана Нью-Йорктун азыркы мэри Билл де Блазио бар.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17