Аймак

ЖАЙКЫ МЕЗГИЛГЕ КАРАТА КЫРСЫКТАРДЫН АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

ЖАЙКЫ МЕЗГИЛГЕ КАРАТА КЫРСЫКТАРДЫН АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

 1,337 Бардыгы /

 Учурда абанын температурасы көтөрүлүп, сууга түшкөндөрдүн саны көбөйүп барат. Аптаптуу күндөрү жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында милиция тарабынан ар түрдү эскертүүчү тактайчалар, сууга түшүүгө кооптуу аймактарга илинип келүүдө.

Бул көрүнүштү улай Базар- Коргон РИИБи тарабынан район аймагындагы суу көлмөлөрүнө, каналдарга, суу шар аккан жайларга атайын эскертүү белгилери коюлду. Ата-энелерге балдарын көзөмөлсүз калтырбоо, сууда жакшы сүзгөн коштоочусуз көлмөлөргө жибербөө керектиги айтылды. Жаш өспүрүмдөр арасында сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу максатында эл арасында түшүндүрүү иштери алдыдагы күндөрү да жер-жерлерде жүргүзүлөөрү айтылды.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17