Аймак

КЫТАЙ ЖАРЫМ МИЛЛИАРД ДОЛЛАРГА ТАЖИКСТАНДАГЫ АЛЮМИНИЙ ЗАВОДУН МОДЕРНИЗАЦИЯЛАЙТ

КЫТАЙ ЖАРЫМ МИЛЛИАРД ДОЛЛАРГА ТАЖИКСТАНДАГЫ АЛЮМИНИЙ ЗАВОДУН МОДЕРНИЗАЦИЯЛАЙТ

 781 Бардыгы /

Тажикстандагы алюминий өндүрүүчү «Талко» заводу жакынкы эки жылдын ичинде Кытайдын мамлекеттик корпорациясы тарабынан модернизацияланат.

Быйыл апрелде Пекинде кол коюлган тиешелүү макулдашууну 15-июнда Душанбеде Тажикстан менен Кытайдын жетекчилери ратификациялады. Келишимге ылайык, Кытай ишкананын эки цехин модернизациялоого 545 миллион доллар салышы керек. Азырынча кытай тарап Тажикстанга бул каражатты кандай шарттарда бере турганы белгисиз.

Быйыл апрелге карата Тажикстандын жалпы тышкы карызы 2 миллиард 915 миллион долларды түзсө, анын 80 % Кытайга туура келген.

«Талко» компаниясынын өкүлдөрү модернизациядан кийин өндүрүш көлөмү 20 пайызга көбөйүп, ишкана жылына 300 миң тонна алюминий өндүрүүгө кудуреттүү болот деп үмүттөнүшүүдө.

«Талкону» модернизациялоо менен Кытайдын China Machinery Engineering Corporation (CMEC) компаниясы алектенет. 1978-жылы негизделген бул корпорациянын акцияларынын 70 пайыздан ашыгы Кытай өкмөтүнө таандык.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17