Аймак

БУЗУУЛАР КОДЕКСИНИН ИШТӨӨ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

БУЗУУЛАР КОДЕКСИНИН ИШТӨӨ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

 1,281 Бардыгы /

Жаңы кодекстердин алкагында Бузуулар боюнча протоколдорду толтуруу, иш кагаздарын алып барууда кандай жагдайлар каралганы тууралуу маалыматтар жөнүндөгү жыйындар областтын аймагындагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте уюштурулууда.

Соттук укуктук реформанын аткарылышы жана Бузуулар кодексинин иштешин жөнгө салуу максатындагы иш-чаралардын башында КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн укук жана тартип, коргонуу бөлүмүнүн башчысы К.Бечелов жана Жалал-Абад ОИИБнин начальнигинин орун басары, милициянын полковниги М.Хажиматовдун катышуусунда жергиликтүү администрацияларда шаар-район активдери менен жолугушуп, семинарлар өткөрүлүп, кызуу талкууга алынып, кеңири маалыматтар берилүүдө.

Эске салсак, 2019-жылдын башынан Кыргызстанда жаңы мыйзамдар күчүнө кирип, иштей баштаган. Буга байланыштуу калк арасында түшүндүрүү иштери милиция тарабынан үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келүүдө.

 

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17