Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,218 Бардыгы / Ош шаарына караштуу Манас Ата кичи районундагы “Ак мөөр” үй-бүлөлүк жатаканасында 83 үй-бүлө, а жалпысынан беш жүзгө чукул адам жашайт. Алар турак жайды токтоосуз түрдө бошотууну талап кылышкан Ош шаарындагы сот аткаруу кызматынын өкүлдөрүнө кадимкидей каршылык көрсөтүшүп, а түгүл бийлик өкүлдөрүнө баш ийбөө акциясын ачык эле башташты. – Мен бул жатаканада 2003-жылдан бери […]
1,219 Бардыгы / Ош шаарына караштуу Манас Ата кичи районундагы “Ак мөөр” үй-бүлөлүк жатаканасында 83 үй-бүлө, а жалпысынан беш жүзгө чукул адам жашайт. Алар турак жайды токтоосуз түрдө бошотууну талап кылышкан Ош шаарындагы сот аткаруу кызматынын өкүлдөрүнө кадимкидей каршылык көрсөтүшүп, а түгүл бийлик өкүлдөрүнө баш ийбөө акциясын ачык эле башташты. – Мен бул жатаканада 2003-жылдан бери […]
“АК МӨӨРДҮ” БАЙЫРЛАГАНДАР БИЙЛИККЕ БАШ ИЙБӨӨ АКЦИЯСЫН БАШТАШТЫ
21.06.2019 / Автор aymak1,220 Бардыгы /
Ош шаарына караштуу Манас Ата кичи районундагы “Ак мөөр” үй-бүлөлүк жатаканасында 83 үй-бүлө, а жалпысынан беш жүзгө чукул адам жашайт. Алар турак жайды токтоосуз түрдө бошотууну талап кылышкан Ош шаарындагы сот аткаруу кызматынын өкүлдөрүнө кадимкидей каршылык көрсөтүшүп, а түгүл бийлик өкүлдөрүнө баш ийбөө акциясын ачык эле башташты.
– Мен бул жатаканада 2003-жылдан бери жашаймын. Ош шаардык бийлиги тургундар менен эч кеңешип-таңашпастан, а түгүл жатаканабызды аукционго бизди катыштырбастан эле коюп, сыртыбыздан тон бычып, Убайдылла Бидинов дегенге соодалап ийиптир. Ошол 2008-жылдан бери бизде моминтип бир дагы күн тынччылык жок! – деп аябай чырылдады “Ак мөөр” үй-бүлөлүк жатаканасынын тургуну Күмүш Чымбаева.
– Ыя айланайын, он сегиз жылдан бери дал ушул “Ак мөөр” үй-бүлөлүк жатаканасында жансактап келатабыз. Эки уул, эки кызым бар. Булар – азыркы ээлери мурда каякта жүрүштү эле? Мындан ары бизге дагы ушинтип эч күн көрсөтүшпөсө, акыры ачкачылык жарыялайбыз. Ага дагы көнүшпөсө, Ош шаарынан борборубуз Бишкекке дейрен жөө жүрүш жасайбыз! Биздин шартыбызды азыркы Президентибиз Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору кезинде абдан жакшы билчү эле. Сыягы, а кишиге бизди жатаканабыздан кууп жатышкандыгын булар айтыша элек өңдөнөт. Болбосо, мындай мыйзамсыздыкка Сооронбай Шарипович таптакыр жол бермек эмес! – деп агынан жарылды аталган жатакананын жашоочусу Султанбай Раимжанов.
Ал эми бул үй-бүлөлүк жатакананын дагы бир тургуну Дарыякан Абдыкадырова бул имаратты талашкандардын артында абдан чоң мафия турат деп эсептейт: – Айланайын, жок дегенде мобул бей-бечараларды аяшпайбы? Бул жерде 45 жалгыз бой эне, экинчи топтогу 16 майып, биринчи топтогу 2 майып жашашат. Айрымдары кыжалаатчылыктын кесепетинен өлүп дагы кетишти. Убайдылла Бидинов дегени “Менин артымда Президент, депутаттар турушат” деп бизди улам-улам коркутканды өнөкөткө айландырды. Эмне, буларга мыйзам жокпу, ыя?
– Күйөөм майып, – деп ыйлактады”Ак мөөр” үй-бүлөлүк жатаканасынын дагы бир жашоочусу Айжамал Тойгонбаева. – Булар дайыма ушинтип нервибизге ойноп, каалаганда тоз-тополоң уюштуруп, муну кадимки эле бизнеске айландырып алышты. Ачыгын айтайын, мындан акча дагы жасап жатышат. Мына, азыр көрдүңүздөр го, жыйырма чакты кошунабыз кан басымы көтөрүлүп, аларды тез жардам тейлеп кетти. Эгерде оштук сот аткаруучулар дагы бир ирет ушинтишсе, биз айлабыз таптакыр куруганда туруктуу тынччылык орнотуу максатында кримчөйрөгө – кримтөбөлдөр Азиз Баткаевге жана Камчы Көлбаевге кайрылат өңдөнөбүз?
Деген менен Ош шаарындагы сот аткаруу кызматынын өкүлү Ильяз Аширов биргездеги “Текстильщик” акционердик коомуна караштуу бул имаратты Убайдылла Бидинов аукцион аркылуу 2008-жылдын 19-мартында эле сатып алгандыгын ырастады: – 2003-жылдын 30-июнунда “Текстильщик” акционердик коому “Электр станциялары” ишканасынын Ош шаардык бөлүмүнө 5 миллион 387 миң 527 сом карыз болгон. Бирок, аны убагында төлөбөгөндүктөн, 2008-жылдын 22-февралында “Текстильщик” акционердик коому жогорудагы үй-бүлөлүк жатканасын аукционго койгон. Анда сатып алуучу чыккан эмес. А түгүл жатакананын тургундары деле аукционго катышуу мүмкүнчүлүгү бар эле, бир дагы жолу басып келишкен эмес. Анан ошол эле жылдын 19-мартында дагы аукцион өткөрүлүп, ага катышкан жаран Убайдылла Бидинов “Ак мөөр” үй-бүлөлүк жатаканасын 4 миллион 639 миң 950 сомго сатып алган. Дал ошондон бери бул жерде жашагандар аны ар шылтоо айтып жолотушпагандыктан, а киши Ош шаарындагы сот аткаруу кызматына кайрылган.
Он бир жылдан бери өзүнө таандык имаратка ээлик кыла албаган Убайдылла Бидинов акырында сотко дагы кайрылганда, алар маселени сот аткаруу кызматына жүктөгөндүгүн моминтип кошумчалады: – Өзү “Ак мөөр” үй-бүлөлүк жатаканасынын мыйзамдуу эсси – менмин! Мына, колумда кызыл китебим турат. А түгүл соттошуп жүрүп, акырында Жогорку сот баарын менин пайдама гана чечти. Бирок, булар дагыле тоңмоюндукка салышып, соттун чечимин таптакыр аткарбай келатышат. Барсаң эле бүгүнкүгө окшоп бет тырмаактык кылышып, дагыле тоз-тополоң уюштурушат. Чынында, буга чыдоо абдан кыйын экен!
Ош шаарына караштуу Манас Ата кичи районундагы “Ак мөөр” үй-бүлөлүк жатаканасынын бүгүнкү жашоочуларынын мыйзамдуу өкүлү Төлөгөн Келдибаев бул талаш-тартышка акыркы чекитти Башкы Прокуратура коет деп бекем үмүттөнөт: – Бул бей-бечараларды эч ким угаар түрү жок! Андыктан, мыйзамдын тыкыр көзөмөлдөгөн Башкы Прокуратурага кайрылдык. Ал жактан дагы эгерде оң жооп болбосо, адегенде ачкачылык жарыялайбыз. Андан ары азыркы бийликке таптакыр баш ийбөө акциясын улантып, Ош шаарынан тээ Бишкекке Президентке дейре жөө жүрүш жасайбыз.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
-
-
30.08.2023 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДАРДЫН КАЙРЫЛУУСУНАН УЛАМ ЖОЛ АЧЫЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.