Аймак

Алымкул аталык ким болгон?

 12,638 Бардыгы /

[/b].aymak.kg/uploads/posts/2014-01/1390077234_alymkul-atalyktyn-chebiresi.png[/img]

Cүрөттө: Алымкул аталыктын небереси Шермухаммед үй-бүлөсү менен
Биз, жалпы окурмандар Алымкул аталык жөнүндө көп деле жакшы биле бербейбиз. Болгону Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романында Алымкул аталык Ташкент шаарын падышачылык Россия баскынчыларынан коргоп жатып саткындардын колунан курман болгон эпизоду жазылган. Анда орус князы генерал Черняевдин жана анын армиясы менен согушкан Алымкул аталыкты ошол эпизоддо Төлөгөн Касымбеков карыган чал кылып сүрөттөп жазган. Жакында мына ошол Алымкул аталыктын урпактарынын бири Жалал-Абад областында белгилүү инсан Мамасалы Такабаевич Акматов Мухаммад Салих Ташкентийдин “Дүйнө тарыхы” деп аталган китебиндеги архивдик маалыматтарга таянып чындыгында Алымкул аталык 1865-жылы 9-майда 34 жашында каза болгонун. Анын сөөгү Ташкенттеги Шейх Хованд Тахур мүрзөсүнө коюлганын жазып чыкты. Ошондой эле ал бешинчи аталыкка барып Алымкул аталыкка барып кошуларын маалымдады.
Урпагы Мамасалы Акматовдун изилдөөлөрү боюнча Молдо Алымкул Асан уулу 1831-жылы – азыркы Анжиян облусуна караштуу Коргонтөбө районунун Таштак айылында төрөлгөн. Ал эл арасында «Алымкул аталык» деп айтылып келсе, архивдик материалдарда «Аскер башы» жана ага «Амирул умаро» (эмирлердин эмири) деген бийик даражалуу наам берилген. Атасы Асан өз мезгилинде Коргонтөбөнүн бийи болгон. Ал кыргыздын кыпчак уруусунан болгон. Орто Азия элинин, анын ичинде Кыргыз элинин баатыр уулдарынын бири Алымкул аталык өз элинин эркиндиги үчүн күрөшкөн Алымкул аталыкка тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай келет. Алымкул аталык жөнүндө тарыхий маалыматтар да толук жетишсиз. Биз жалпы коомчулуктун көңүлүн буруу максатта окурмандардын назарына М.Акматовдун төмөндөгү макаласын сунуш кылабыз.
Орозалы Карасартов, “Аймак” газетасынын башкы редактору

[b] Алымкул аталык – элдик баатыр[/b]

Акм Менин чоң атам Акматтын бир тууган агасы Суран жашырак кезинде эле каза болуп, анын баласы Сатарды атам Такабайга кошуп чоң атам багып чоңойткон экен. Биз чоң атабызды көрбөй калдык. Атам Такабай ажы (өткөн жылы 88 жашында көзү өтүп кетти) он бирге чыкканда атасы Акмат Сибирге айдалып үч жылдан кийин апасы өлүп, атам тоголок жетим болуп чоңойгон экен. Сатар авабыз атамдан бир кыйла жашы чоң болгондуктан аны биз Сатар чоң ата деп айтаар элек. Ошол Сатар чоң атам мен мектепте төртүнчү, бешинчи клаcстарда окуган мезгилде: “Биздин чоң аталар хан болгон, Алымкул аталык Кокон хандыгын башкарган,»- деп айтып калчу эле. Анан көбүнчө жанагы «жинди суудан» ичип алганда, мен Алымкулдун урпагынанмын деп өзүн баатырларча сезип кыйкырып калаар эле. Мен кичине кезимде уккан ушул сөздөр, күнү бүгүнкүдөй эсимден кетпейт, ал мезгилде бул сөздөрдүн маанисин деле түшүнгөн эмесмин. Биздин айылда (Барпы айыл өкмөтү, Комсомол айылы) Ынак санжырачы деген авабыз жашап өткөн (1906-1987-жж). Ынак авабыздын айткандары айрым ошол кездеги журналисттердин архивинде эле калбаса айылда ошол кишинин айткандарын жазып калбаптырмын деп өкүнүп жүргөн адамдар аябай көп. Кыргызстандын кайсыл булуң-бурчунан болбосун ал кишиге жолуккан адамдын, ата-тегин, уруусун жана жети атасына чейин тактап-аныктап айтып берген киши болгон. Кыргыз Республикасынын жазуучулары, журналисттери Ынак абага келип жолугушуп, ал кишиден мурдагы доордо өткөн атактуу адамдардын тарыхын, ата-тегин сурап билишип, көптөгөн материалдарды чогултушкан. Алардын бири жазуучу – Түмөнбай Байзаков. Азыркы аксакалдардын айтуусунда Ынак авабызда Кокон хандыгы тууралуу мурдагы заманда жазылган материал болгон экен. Жазуучу Төлөгөн Касымбеков «Сынган кылыч» тарыхый романын жазып жатканда Ынак аксакалга атайын келип, ошол материалдарды сурап алып кеткен дешет. Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романында Алымкул аталык Ташкент шаарын падышачылык Россия баскынчыларынан коргоп жатып саткындардын колунан курман болгон эпизоду жазылган, бирок ошол эпизоддо Төлөгөн Касымбеков Алымкул аталыкты карыган чал кылып сүрөттөп жазган, архивдик маалыматтарга таянсак, чындыгында Алымкул аталык 1865-жылы 9-майда 34 жашында каза болгон. Анын сөөгү Ташкенттеги Шейх Хованд Тахур мурзөсүнө коюлган. (Мухаммад Салих Ташкентий. Дүйнө тарыхы).
Атам болсо: «Биздин Алымкул аталыкты, Алымбек датка дешип алайлык кылып алышты» – деп кейип калат. Көрсө, Алымкул аталык жөнүндө Совет өкмөтүнүн доорунда эч бир жерде айтылган да, жазылган да, изилденген да эмес экен, ошондуктан атам Алымбек датканы ушул Алымкул аталык болсо керек деп ойлоп жүрүптүр. Көп жылдар бою ушул атамдын айткан сөздөрү жүрөгүмдү өйүп жүргөн болчу, акыры мен бул инсан жөнүндө Ташкендин, Анжияндын архивдеринде жазылып калган материалдар бар деп угуп, +збекстандын жазуучуларына, тарыхчы- окмуштууларына кайрылып, ал киши жөнүндө материалдарды сурамжылап чогулта баштадым. Алымкулдун балдарынын сүрөтүн, небере-чеберелерин таап, жашаган жерлерин аныктап, ошол мезгилде жашаган адамдар, ал кишинин баатырдыгына, жасаган эмгегине арнап жазылган чыгармалар бар экенине күбө болдум. Андан сырткары, «Елкин» («Жалын») деген тарыхый романды да +збекстандын жазуучусу Х.Турсунматовдон алдым.
Алымкул аталык Кокон хандыгын башкарган учурда тышкы саясатты, финансы тармагында иш жүргүзүүгө чоң көмөк көрсөтүп, эң жакын кеңешчиси жана катчысы (мунший) болгон Молдо Жүнүс 1902- жылы жазып калтырган «Амир лашкар Алимкул тарихи» («Аскер башчы Алымкул тарыхы») аттуу эмгегинин жана ошол учурдагы окуяларды чагылдырган башка архивдик материалдардын негизинде өзбекстандык тарыхчы, илимпоз Рустамбек Шамсутдинов менен жазуучу Хабибулло Турсунматов биргеликте тарыхый роман жараткан экен. Романды окуп чыгып, чыгарма ушунчалык жакшы жазылгандыгына таасирленип, автордон уруксат сурап, аны которо турган адамды издеп таап, кээ бир сөздөрүн кошо которушуп, “Жалын” деп аталган китепти өз каражатыма чыгарып, элге бекер тараттым. Китепти журналист Абдумуктар Исраилов которду.
Кыргыз элинин басып өткөн тарыхы али толук изилденип жазыла элек экен деген чечимге келдим, себеби ошол эле кыргыздын улуттук баатырларынын бири, кечээги эле 19-кылымда жашап өткөн чыгаан инсан кыска өмүрүн Мекендин эркиндиги үчүн арнаган, падышачылык Россия баскынчыларына каршы согушта 34 жашында шейит кеткен, үлкөн колбашчы Алымкул аталыктын аты, аткарган иштери толук изилденбей, элге кеңири айтылбай келген. Качан гана Кыргыз мамлекети өз алдынча эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин бул инсанга кээ бир кыргыздын тарыхчы-окумуштуулары көңүл бура баштады. Алар К.Молдокасымов, Т.Топчуев жана Т.Кененсариев.
Архивдик материалдарга таянсак, Молдо Алымкул Асан уулу 1831- жылы – азыркы Анжиян облусуна караштуу Коргонтөбө районунун Таштак айылында төрөлгөн. Ал эл арасында «Алымкул аталык» деп айтылып келсе, архивдик материалдарда «Аскер башы» жана ага «Амирул умаро» (эмирлердин эмири) деген бийик даражалуу наам берилген. Атасы Асан өз мезгилинде Коргонтөбөнүн бийи болгон. Алымкул аталык жөнүндө +збекстандын Илимдер Академиясынын чыгыш таануу жана кол жазмалар институтунда сакталган Алымкул менен бирге жүргөн кеңешчиси жана катчысы Молдо Жүнүс Мунший жазып калтырган. 1902- жылы «Амир лашкар Алимкул тарихи» («Аскер башчы Алымкул тарыхы») аттуу эмгегинде төмөндөгүчө баяндалат: «Маркум аскер башчы Молдо Алымкул Асанбий уулу кыргыздын кыпчак уруусунан эле. Энеси Шаарбанбүбү Кокон уездиндеги Нойгут болуштугуна караштуу Бужунбүткөн (азыркы Баткен районунун Бужум айылы) деген айылда жашоочу жарандардын бүлөсүнөн. Кудайдын амири менен ушул айылда Асанбийден Молдо Алымкул жана бир кыз жарык дүйнөгө келип, анан Анжиян уездине караштуу Коргонтөбө болуштугундагы Таштак айылында тарбияланат. Аскер башчы эки жашка чыкканда атасы кайтыш болуп, энесинин колунда сагыр калып, энесинин агасы Молдо Дос деген кишинин колунда, Бужунбүткөн айылында алты-жети жашка чыкканча окуп, тарбия алат. Сабаты чыккан соң, Коргонтөбө болуштугуна көчүп келип, анан Анжияндагы Акмечит медресесинде бир-эки жыл окуп, андан кийин Коконго барып, ал жерде ажы раис мырза дамылла Аяз маркумдун уулунун колунда билим алат. Ошол жерде кат таанып, илим алып, он сегиз жашка чыкканда жездеси Тагайкул датка алып келип, аскердик иштерге аралаштырат. Ошондон көп өтпөй эле бир убактарда атасы бий болгон Коргонтөбөгө бий болуп дайындалат».
Алымкулдун жаш кезинде эле акылы тетиктигин, зиректигин байкаган ошол кездеги Анжиян шаарынын акими Сопубек, кийинчерээк Малабек өздөрүнүн эң жакын жигити катары жанында алып жүрүшкөн. Кудаяр ханды кууп чыгып, Кокон хандыгына тактыга олтурушунда Малабекке чоң жардам берген Алымкул болгон. Кокон тактысына Малабек хан болгон күндөн баштап ал бийик даражадагы кызмат орундарына бекитиле баштаган.
Алымкул аталык Кокон хандыгын бийлеп, жан үрөп, аталык милдетин аркалап, хандыктагы кыргыз, кыпчак, өзбек, казактардын башын бириктирип, бүлүнгөн хандыктын бүтүндүгү үчүн кам көрүп, хандыкты адилет башкарууга аракет кылганын кошо жүргөн, аны жакындан тааныган адамдар, ал жөнүндө ыр түрүндө, кара сөз менен, кээ бирлери чоң көлөмдө дастан жазышып биздин урпактарга калтырып кетишкен. Алардын бири кыргыздын чыгаан патриоту, философ акын, тарыхчы Молдо Нияз (1823-1896) кол жазмаларында Алымкул аталыктын кылган эмгектерин өз көзү менен көргөн адам катары чоң көлөмдө ыр түрүндө сүрөттөп жазып калтырган. Төмөндө Молдо Нияздын ырларынан кыскача мисал келтире кетейин. Ал өз ырында Алымкул аталыкты мындайча сүрөттөйт:
Ак жолборстой Алымкул,
Айкырып атка мингенде.
Аччыгы чындап келгенде,
Кызыл – чаар Шер эде.
Кыргыздан чыккан эр эде,
Кара – чаар Шер эде.
Карадан түшкөн эр эде,
Алыскы жоо – душманга
Айдыңы көп зор эде.
Алымкул аскер башы Кокон хандыгын башкарып турган учурда дагы орус баскынчыларына каршы согушта өзү башында туруп Чимкент шаарын бошотуп алган, ошол учурду Молдо Нияз ырларында мындайча баяндайт:
Жети баш кафир орусту,
Жер менен жексен кылам деп,
Жети күндүн ичинде
Жетип Чимкент үстүндө
Уруш кылды Алымкул.
Кыймылдатпай жайыдан
Жылбас кылды Алымкул.
Кыргын салып оруска
Кыйганы келди Алымкул.
Олжо кылып кафирдин
Атын алды Алымкул.
+лтүрбөстөн коркутуп,
+түн алды Алымкул.
Орус аскерлери Ташкентке кайрадан чабуул коюп, бирок Ташкентти басып ала-албастыгына көзү жетип, генерал Черняев Ташкентти байлары менен тил табышып, алар болсо Алымкулдун эң жакын адамдарынын бирин (удайчысын) сатып алышып, Алымкул орустардын мизин кайтарып, алсырата баштаган учурда артынан ошол чыккынчы атып коёт. Бул учурду Молдо Нияз мындайча берет:
Орустар осол болгондо
Кафирге ташвиш түшкөндө.
Батбактар моюн сунарда,
Мусулман журт тынарда.
Ок жаңылды өзүңө,
От чагылды көзүңө.
Ат боорудан кан кетти,
Жаннатка карап жан кетти.
Ордодон туйгун учту деп,
Оруска чапты сүйүнчү.
Кыргыздын ханы өлдү деп,
Кытайга чапты сүйүнчү.
Бутпарас маңгыт аралаш,
Бухарга чапты сүйүнчү.
Ак жолборс көзүң өттү эде
Саратанда кыш түштү,
Сан журтуңдун башыга,
Кыяматтай күн түштү.
Ушул жерден айта кетчү нерсе Молдо Нияздын кол жазмалары да качан гана Кыргыз эли өз эгемендүүлүгүнө ээ болгондон кийин 1993- жылы китеп болуп жарыкка чыкты. Ал үчүн Молдо Нияздын колкитептерин чогултуп, арап тамгасынан которуп, китеп кылып чыгарган агайыбыз Омор Соороновго ыраазычылык билдиребиз.
Алымкул менен бирге орус баскынчыларына каршы күрөшкөн, Алымкул өлгөндө жаназасына катышкан Молдо Калыбек Муса эл баатыры Алымкулдун көрсөткөн эрдигине багыштап «Алымкулдун согушу» деген дастанын жазган. Молдо Калыбек Кокон хандыгында жүз берген бардык окуялардын катышуучусу болгон. Ал 1873- жылы Ош, Жалал-Абад, Көк-Арт өрөөнүндө Мамырбек башчылык кылган козголоңго катышкандыгы үчүн айыпталып, 10 жылга Сибирге айдалган. Алымкул тууралуу дастанын ал Сибирде сүргүндө жүргөндө жазган.
(+збекстан Республикасында эмгек сиңирген маданият кызматкери, тарых илимдеринин доктору, Анжиян мамлекеттик университетинин профессору Рустамбек Шамсутдиновдун өздүк архивинен алынды).

О

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17