Аймак

ТАЖИКСТАНДА АТКАМИНЕРЛЕРДИН ЧЕТ ӨЛКӨДӨН БААЛУУ БЕЛЕКТЕРДИ АЛУУСУНА ТЫЮУ САЛЫНАТ

ТАЖИКСТАНДА АТКАМИНЕРЛЕРДИН ЧЕТ ӨЛКӨДӨН БААЛУУ БЕЛЕКТЕРДИ АЛУУСУНА ТЫЮУ САЛЫНАТ

 930 Бардыгы /

Тажикстанда аткаминерлердин чет өлкөгө жасаган сапарларында алып келген белектердин баасынын бир жылдык суммасы 5500 сомониден (580 доллар) ашпашы керек. Баасы бул суммадан ашкан бардык белектер мамлекеттин пайдасына алынат.

Президенттин алдындагы Мамлекеттик кызмат боюнча агенттик тарабынан даярдалган тиешелүү токтом долбоорунда жазылгандай, мындан тышкары чет өлкөлөргө сапарга чыккан мамлекеттик кызматкерлердин жеке жана юридикалык жактардан белектер менен сыйакыларды алышына тыюу салынат. Ошол эле маалда аткаминерлер өлкө ичиндеги туугандарынан, досторунан жана тааныштарынан кымбат баадагы белектерди алса болот.

Документте белгиленгендей, чет өлкөлүк сапардан келген мамлекеттик кызматкер өз мекемесинин бухгалтериясына каржылык отчёт берип, анда алган белектеринин суммасын көрсөтүшү керек.

Учурда токтомдун долбоору өлкөдөгү министрликтер менен мекемелердин талкуусунда. Мамлекеттик кызматкерлердин чет өлкөлөрдөн белектерди алуу тартиби «Коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу» мыйзамдын жаңы редакциясы парламент тарабынан жактырылгандан кийин расмий бекитилет.

​Мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктен белгилешкендей, азырынча белек алгандыгы тууралуу маалыматтарды жашырган аткаминерлерге карата кандай жаза колдонула тургандыгы белгисиз.

 

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17