Аймак

УЛУТТАР АРАЛЫК ЫНТЫМАКТЫ ЧЫҢДООГО БАГЫТТАЛГАН КИЧИ-ФУТБОЛ

УЛУТТАР АРАЛЫК ЫНТЫМАКТЫ ЧЫҢДООГО БАГЫТТАЛГАН КИЧИ-ФУТБОЛ

 1,221 Бардыгы /

2019-жылдын 20-июнь күнү Ала-Бука РИИБнин демилгеси менен район аймагында улуттар аралык жаңжалдардын алдын алуу максатында спорттун кичи-футбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү.

«Улуттар аралык достукту жана ынтымакты чыңдоо» ураанынын алкагында өткөн иш-чарага Ала-Бука районунун Ала-Бука, Ак-Там, Ак-Коргон, Сафед-Булан, Баймак, Өрүктү жана 1-май айылдарынан кыргыз, өзбек, тажик улуттарынан куралган спорттук командалар ошондой эле райондук дин кызматкерлеринен, РИИБден жана айыл жаштарынан куралган жалпы 12 команда катышышты.

Мелдешке Ала-Бука районунун акиминин милдетин аткаруучу Б.Сагынбаев, МУККнын Ала-Бука, Чаткал райондор аралык начальниги М.Шабыралиев, район прокурору М.Жормонов, имам хатиб Ш.Чыналиев жана башка жергиликтүү жетекчилер келишти.

Мелдештин катышуучулары эки тайпага бөлүнүп, эки спорттук аянчада күч сынашышты. Жыйынтыгында жеңүүчү командага кубок, акчалай сыйлык тапшырылды. Калган командалар дагы Ала-Бука РИИБи жана Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан даярдалган сыйлоо баракчаларына жана акчалай белектерге ээ болушту.

Мелдештин катышуучулары спорттук иш-чара өзүнүн максатына жеткендигин жана уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти. Милиция тарабынан улуттар аралык ынтымакты чыңдоо багытындагы көптөгөн иштер жасалып жаткандыгын айыл тургундары байкагандыгын айтышты.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17