Аймак

ДОНАЛЬД ТРАМП: ЖАПЫРТ ДЕПОРТАЦИЯЛОО ЭКИ АПТАГА ЖЫЛДЫРЫЛДЫ

ДОНАЛЬД ТРАМП: ЖАПЫРТ ДЕПОРТАЦИЯЛОО ЭКИ АПТАГА ЖЫЛДЫРЫЛДЫ

 927 Бардыгы /

АКШ президенти Дональд Трамп 23-июнда баштала турган мыйзамсыз жүргөн мигранттарды кармоо жана аларды депортациялоо жараяны эки апта кийинкиге жылдырылганын маалымдады.

Трамп мындай кадамга демократтардын өтүнүчүнөн улам барганын айтты. Президент эгер Конгресстеги эки партия түштүк чек арадагы кризистик кырдаалдан чыгуунун жолун таппаса, эки аптадан кийин план ишке ашарын эскертти.

Президенттин администрациясы муну менен кошо Борбор Азиядан келген миранттарга башпаанек берүү шарттарын татаалдаштыруу жана аларды өлкөдөн чыгаруу эрежелерин жөнөкөйлөштүрүү боюнча демократтардан уруксат алуу аракетинде. Демократтар муну “адамкерчиликсиз” деп атап, талаптарды четке кагып келет.

Кийинки аптада Конгресстин эки палатасында тең атайын жайларда кармалган мигранттардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн төрт жарым миллиард доллар бөлүү боюнча резолюция кабыл алуу пландалган.

Эгемендүүлүк майрамына байланыштуу Конгрессте иш үзгүлтүккө учурап, резалюция иштеп чыгууга убакыт жетпей калышы мүмкүн деген кооптонуулар бар.

​Май айында Мексика чек арасынан АКШга кирүүгө укукгу жок 129 миң мигрант кармалган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17