Аймак

АКСЫДА ЫНТЫМАКТЫ БЕКЕМДӨӨГӨ БАГЫТТАЛГАН СПОРТТУК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

АКСЫДА ЫНТЫМАКТЫ БЕКЕМДӨӨГӨ БАГЫТТАЛГАН СПОРТТУК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

 971 Бардыгы /

Аксы РИИБнин демилгеси менен район аймагында улуттар аралык жаңжалдардын алдын алуу максатында спорттун кичи-футбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Спорттук таймашта ар улуттун өкүлдөрүнөн куралган 9 команда күч сынашты. Жыйынтыгында жеңүүчү командага кубок, акчалай сыйлык тапшырылды. Калган командалар дагы Аксы РИИБи тарабынан даярдалган сыйлоо баракчаларына жана акчалай белектерге ээ болушту.

Мелдештин катышуучулары спорттук иш-чара өзүнүн максатына жеткендигин жана уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти. Милиция тарабынан улуттар аралык ынтымакты чыңдоо багытындагы көптөгөн иштер жасалып жаткандыгын айыл тургундары белгилеп өтүштү.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17