Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: АКЫСЫЗ УКУКТУК-КОНСУЛЬТАЦИЯ АЛЫҢЫЗ

ЖАЛАЛ-АБАД: АКЫСЫЗ УКУКТУК-КОНСУЛЬТАЦИЯ АЛЫҢЫЗ

 1,357 Бардыгы /

Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгы бир күндүк акысыз  укуктук-консультациялык жардам берүү акциясын өткөрүшөт.

Аталган акция Жалал-Абад шаарында 26-июнь күнү саат 10:00 – 20:00гө чейин өтөт. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгынын башкы адиси Акбар Эрматов пресс-конференцияда билдирди.

Анда облустук юстиция башкармалыгынын кызматкерлери, мамлекеттик нотариус, адвокат жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан укуктук-консультациялык жардам берилет.

Кошумчалай кетсек, бул иш-чара КРдин “Юристтер” күнүнө карата, калктын укуктук сабаттулугун  жогорулатуу жана укуктарын коргоо максатын көздөйт.

 

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17