Аймак

АРЫС ШААРЫНДА ОК-ДАРЫ САКТАЛГАН КАМПА ЖАРЫЛДЫ

АРЫС ШААРЫНДА ОК-ДАРЫ САКТАЛГАН КАМПА ЖАРЫЛДЫ

 828 Бардыгы /

24-июнда Түркстан облусунун Арыс шаарында ок-дары сакталган кампада жарылуу болуп, жергиликтүү жашоочулар коопсуз жайга көчүрүлө баштады.

Өзгөчө кырдаалдар комитетинин билдиришинче, аскер бөлүгүндө жайгашкан кампадан өрт чыкканы тууралуу маалымат жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 9:20да түшкөн.

Күбөлөр жарыялаган видеолордон жарылуу болгон жерден ондогон автоунаалар жүздөгөн жөө-жалаң киши кетип жатканын көрүүгө болот.

Бул арада жергиликтүү бийлик жарылуу болгон аймактагы адамдарды көчүрө баштаганын маалымдады. “Ыкчам линия” иштеп жатат.

Арыс Шымкенттен 150 чакырым аралыкта жайгашкан. Шаарда 43 миң киши жашайт. Курмандыктар тууралуу маалымат жок.

Арыстагы полигондо буга чейин бир нече жолу жарылуу болгон.

2009-жылы Арыстагы кампада жарылуу болуп, төрт киши каза тапкан, жыйырмага чукул адам ар түрдүү жараат алган.

2015-жылы полигон аймагындагы жарылуудан бир киши өлгөн. Расмий маалыматтар боюнча, кырсык ок-дарылар менен өндүрүш калдыктарын жок кылуу маалында чыккан.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17