Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА “АДАБИЯТ ГЕЗИТИНЕ” АЗЫРКЫ РЕЖИМДИ СЫНДООГО ТЫЮУ САЛЫНДЫ

ӨЗБЕКСТАНДА “АДАБИЯТ ГЕЗИТИНЕ” АЗЫРКЫ РЕЖИМДИ СЫНДООГО ТЫЮУ САЛЫНДЫ

 766 Бардыгы /

Өзбекстан президентинин администрациясынын Маалымат жана байланыш агенттиги “Адабият гезитине” азыркы режимди каралоого, маркум президент Ислам Каримовду сындоого, макалаларында оппозиционер Мухаммед Салихтин ысымын эскерүүгө тыюу салды.

“Адабият гезитинин” башкы редактору Бахтияр Карим муну “37-жылдардын стилиндеги цензура” деп атады.

Гезиттин дарегине жолдонгон расмий катта “мыйзам бузган кызматкерлерге чара көрүү” зарылдыгы талап кылынган.

“Адабият гезитинин” башкы редактору Бахтияр Карим гезиттин жападан жалгыз штаттык кызматкери болуп эсептелет.

Катта “Адабият гезити” Ислам Каримовдун башкаруу мезгилин сынга алуу менен Өзбекстан мыйзамдарын бузуп жатканы айтылган. Мындан тышкары Мухаммед Салихтин ысымын атоо дагы мыйзамга каршы келери белгиленген.

Оппозициячыл саясатчы жана белгилүү акын Мухаммед Салих президент Ислам Каримовдун тушунда дагы анын ысымын атоого чектөө киргизилбегенин билдирди.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17