Аймак

БАШКЫ ПРОКУРАТУРА АТАМБАЕВДИН КОЛ ТИЙБЕСТИГИН КАРООГО КИРИШТИ

БАШКЫ ПРОКУРАТУРА АТАМБАЕВДИН КОЛ ТИЙБЕСТИГИН КАРООГО КИРИШТИ

 3,991 Бардыгы /

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамдан ажыратуу тууралуу Жогорку Кеңештин корутундусун карай баштады.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Жаркынай Азиева «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Башкы прокуратура бул боюнча канча убакытта чечим кабыл алаары азырынча белгисиз. Парламенттин экс-президенттин макамы жөнүндөгү корутундусу Башкы прокуратурага 20-июнда келип түшкөн.

Жогорку Кеңеш 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жиберген.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев Атамбаевдин кол тийбестик маселеси Башкы прокуратуранын жообунан кийин чечиле турганын билдирген. Ага ылайык, Башкы прокуратура комиссиянын «шектенүүгө негиз бар» деген алты жагдайды иликтеп чыгат. Эгер негиздүү деп тапса аны кайра Жогорку Кеңешке жиберип, добушка коюлат. Андан кийин кол тийбестик алынабы-жокпу, чечилет.

Парламент экс-президентке карата алты жагдай, «бийликти узурпациялады, Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон» деп шектенүүгө негиз бар деген тыянакка келген.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттарынын айыптоосу боюнча билдирүү таратып, парламенттин аракетинин артында азыркы президент турганын жана бийлик өзүн жалган айып менен соттогусу келип жатканын айткан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17