Аймак

АРЫСТАГЫ ЖАРЫЛУУДАН БИР КИШИ ӨЛДҮ

АРЫСТАГЫ ЖАРЫЛУУДАН БИР КИШИ ӨЛДҮ

 782 Бардыгы /

Арыс шаарындагы жарылуудан бир киши каза тапканын Түркстан облусунун акими Өмүрзак Шокеев билдирди. Анын айтымында, каза тапкан адамдын автоунаасына снаряд түшкөн.

Түркстан администрациясынын маалыматына караганда, жарылуунун кесепетинен 31 киши жабыркаган.

Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаевдин айтымында, кампадагы жарылуу бир нече күнгө чейин созулушу ыктымал. “Ал жакта радиоактивдүү ок-дарылар, снаряддар сакталган эмес. Эч кандай радиация коркунучу жок”, – деди министр.

Бул арада президент Касым-Жомарт Токаев Арыс шаарындагы ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан кийинки абалдан жеринен кабар алуу үчүн Түркстан облусуна учуп кетти. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Берик Уали “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Мунун алдында Токаев коргоо министрине, ички иштер министрине жана Түркстан облусунун башчысына жарылуунун кесепетин жоюу үчүн чукул чараларды көрүүнү, тургундардын коопсуздугун камсыздоону жана жарылуунун себептерин тактоону тапшырган.

Арыстагы жарылуу боюнча ИИМдин аскердик тергөө башкармалыгы кылмыш ишин козгоду

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17