Аймак

“КЕЛЕЧЕК” ЛАГЕРИНДЕ ЖАЙКЫ ЭС АЛУУ БАШТАЛДЫ

“КЕЛЕЧЕК” ЛАГЕРИНДЕ ЖАЙКЫ ЭС АЛУУ БАШТАЛДЫ

 2,979 Бардыгы /

 26-июнда Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында жайгашкан  Жалал-Абад ОИИБнин “Келечек” балдардын эс алуучу лагердин ачылыш аземи өткөрүлдү.

Иш-чарага Жалал-Абад ОИИБнин начальниги, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов өзү барып катышып, жаш балдарга көңүлдүү эс алуу каалады. Ал өз сөзүндө лагерге келип эс алып жаткандарга өзгөчө көңүл буруларын белгиледи. Алардын коопсуздугу камсыз кылынып, тамак-ашы өз убагында белгиленген өлчөмдө берилээрин айткан жетекчи жаштарды патриоттуулукка, мекенди сүйүүгө, ар кандай терс көрүнүштөрдөрдөн алыс болууга чакырды. Ошондой эле атайын балдар үчүн ала барган белектерин ыйгарып, шириндиктерди тартуулады.

Мезгилдик эс алууга келгендер арасында таланттуу балдар-кыздардын аткаруусунда ыр-бийлер, сахналаштырылган кыскача көрүнүштөр тартууланды. Жаш өспүрүмдөр “Келечек” лагеринин тазалыгына, аларга көрүлүп жаткан камкордукка ыраазы экендиктерин билдиришти.

Бул лагерде ИИОнун кызматкерлеринин жана ардагерлеринин 15 жашка чейинки өспүрүм балдар-кыздары жеңилдетилген төлөм менен эс алышат. Быйылкы жылдагы жайкы эс алуунун баасы 1000 сомду түзөт. Ал эми сырттан келип эс алууну каалагандар үчүн 3000 сом болуп бекитилген.

 

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17