Аймак

ПАРЛАМЕНТ АТАМБАЕВДИ ЭКС-ПРЕЗИДЕНТ МАКАМЫНАН АЖЫРАТУУГА МАКУЛ БОЛДУ

ПАРЛАМЕНТ АТАМБАЕВДИ ЭКС-ПРЕЗИДЕНТ МАКАМЫНАН АЖЫРАТУУГА МАКУЛ БОЛДУ

 1,087 Бардыгы /

Жогорку Кеңеш 27-июндагы жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратууну колдоду. Ага депутаттардын 103ү макул деп, алтоо каршы добуш беришти.

Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов баяндама жасап, Атамбаев мамлекетти башкарып турган учурда ыйгарым укуктарынан аша чапканы жөнүндө маалыматтарды айтты.

Жогорку Кеңеш 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жиберген. Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты дооматтын бешөөнү негиздүү деп тапкан.

Атамбаевге «кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна, Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерге аралашкан, баш калаага көмүр жеткирүүчү компаниянын кызыкчылыгын коргогон, мыйзамсыз жер алган» деген айыптар коюлууда. Жогоруда аталган иштердин баары Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттарынын айыптоосу боюнча билдирүү таратып, парламенттин аракетинин артында азыркы президент турганын жана бийлик өзүн жалган айып менен соттогусу келип жатканын айтты. Экс-президенттин Чүйдө Кой-Таш айылындагы үйүндө элдик штаб түзүлүп, тарапкерлери 25-июндан бери чогулуп жатышат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17