Аймак

БИШКЕКТЕГИ КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨ БОРБОРУ ЖАРАНДАРДЫ ДЕМ АЛЫШСЫЗ ТЕЙЛЕМЕКЧИ

БИШКЕКТЕГИ КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨ БОРБОРУ ЖАРАНДАРДЫ ДЕМ АЛЫШСЫЗ ТЕЙЛЕМЕКЧИ

 1,423 Бардыгы /

            БИШКЕК. Башкы Почтамптын имаратында – «Фрунзе» гипермаркетинде калкты тейлөө борбору ишке киришти. Анын ачылышына Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору Рыскулбек Осмоналиев, Бишкек шаарындагы Свердлов районунун акимчилгинин өкүлдөрү катышышты.

Ошентип, ушу тапта Бишкек шаарында эле калкты тейлөөчү төрт борбор иштечү. Булар элге он бир миң түрдүү кызмат көрсөтүшүп, 30 миң кеп-кеңеш бергенге үлгүргөн. Булардын ар бирине жок дегенде 70тен 1000 адамга дейре кайрылышат.

Калкты тейлөөчү жаңы борбор заманбап техникалык каражаттар менен жабдылган. Ал эми кызмат көрсөтүү акысын жанындагы эле терминалга төлөшөт. Аталган борбор жекшемби саат 10.00дөн кечки саат 19.00гө дейре иштейт. Бул борбордоидентификациялык картага документтер кабыл алынат жана даярдалат. Ошондой эле ID-карта) беленделет. Жалпы жарандык паспортко дагы документтер кабыл алынып, паспорт жасалат. Мындан тышкары юридикалык жарандарга кеп-кеңештер дагы берилет.

 

                        Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17