Аймак

КОНСУЛДУКТА ИШТЕГЕНДЕР ЭНЕ TИЛИ БОЮНЧА СЫНАК ТАПШЫРЫШТЫ

КОНСУЛДУКТА ИШТЕГЕНДЕР ЭНЕ TИЛИ БОЮНЧА СЫНАК ТАПШЫРЫШТЫ

 900 Бардыгы /

 САНКТ-ПЕТЕРБУРГ. Кыргыз Республикасыны нмамлекеттик тилинин тарыхында алгачкы ирет онлайн тартибинде Кыргызстандын Орусиядагы Элчилигинин Санкт-Петербургдагы Канцеляриясында эмгектенгенишкен  кызматчылардын арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести жүргүзүлдү.

«Кыргызтест» системасынын негиздөөчүсү, Кыргыз Өкмөтүнө караштуу «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору БатмаТопоева-Ставинская менен Санкт-Петербург шаарындагы Кыргыз диаспорасынын жолугушуусу уюштурулуп, «Кыргызтест» системасы менен тааныштыруу презентациясы жүргүзүлдү. А түгүл каалоочулар өз демилгеси менен тест дагы тапшырышты. Ошондой эле тестке Кыргыз Республикасынын Санкт-Петербургдагы Канцеляриясынын консулу, Ардактуу консулдун жардамчысы, Санкт-Петербургдагы Кыргыз автономиясы коомду куюмунун вице-президенти, жазуучу-акындар жана башкалар  катышты. Жыйынтыгында авларга мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин тастыктаган сертификаттар тапшырылды.

Тестке катышкандар мекени Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги тест системасы иштелип чыккандыгына кубанышып, муну үчүн Кыргыз бийлигине терең ыраазычылык билдиришти.

 

             Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17