Аймак

КУРСАН АСАНОВ БУУНУН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ МЕНЕН СҮЙЛӨШТҮ

КУРСАН АСАНОВ БУУНУН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ МЕНЕН СҮЙЛӨШТҮ

 1,720 Бардыгы /

            БИШКЕК. Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов БУУнун балдар укугу боюнча комитетинин вице-президенти Ренат Винтер менен жолугушту. Бул жолугушууга Эл аралык түрмөлөр реформасы PRI уюмунун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы  Азамат Шабилов жана аталган өкүлчүлүктүн менеджери Мухаммад Ирсалиев дагы катышышты.

Өкмөт өкүлү Курсан Асанов адегенде БУУНун Башкы Ассамблеясында 1989-жылы кабыл алынган Балдар укугу боюнча Конвенциясынын Кыргызстанда аткарылышы боюнча маалымат берди.

– Өспүрүмдөрдүн укук бузууларын эскертүү жолу аркылуу кыскартып жатабыз. Мындан тышкары алага карата зордук-зомбулукту азайтууга бекем ыктадык,  – деди Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Куцрсан Асанов. – Бул өңүттө аялдар, аксакалдар жана жаштар институттарын кеңири пайдаланып жатабыз. Ошентип, балдарга карата зордук-зомбулукту жана аларга мыйзамсыз кайрылгандарды дээрлик тыйып жатабыз.

            Жолугушуу соңунда БУУнун балдар укугу боюнча комитетинин вице-президентиРенат Винтер Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жашы жете электердин укугун коргоодо салмактуу салып кошуп жаткандыгына токтолуп, аларга мындан ары дагы ийгиликтерди гана тиледи.

 

 

                        Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17