Аймак

АШ ҮСТҮНДӨ ТАЙМАШКАН БИЛЕРМАНДАР

АШ ҮСТҮНДӨ ТАЙМАШКАН БИЛЕРМАНДАР

 3,464 Бардыгы /

Кечээ, 27-июнда Жалал-Абад шаарында экинчи ирет “Билерман Тime-Аш” интеллектуалдык оюну өттү.

Оюнга жалпысынан студенттерден, жаштар уюмдарынын жана мекеме-ишканалардын жамааттарынан, журналисттерден куралган 7 команда катышты. Таймаштын алкагында катышуучуларга ар тараптуу 20 суроо даярдалган. Оюндун жыйынтыгына ылайык журналисттерден куралган команда жеңишке жетишти.

“Билерман ордо” деген бул интеллектуалдык чоң клуб. Аны “Билерман Time–Аш” деп атын өзгөрттүк, анткени бул тамак үстүндөгү оюн. Иш-чаранын максаты эркин форматта тамак үстүндө баарлашуу менен биргеликте билимин сыноо. Бул иш-чарага бир гана жаштар эле эмес ар тармактан катышып жатат, жашына да чектөө жок. Бүгүнкү иш-чарабыз экинчи жолу уюштурулуп жатат. Мында оюнга биринчи жолу катышып жаткан “Журналисттер” командасы жеңишке жетип олтурат. Бул да болсо чоң жетишкендик. Жакшы иш-чараларга коом ар дайым суусап турат. Бул бекер жүргөндө уюшулган саамалык эмес, бул максаттуу, пландуу иш-чаралардын бири. Буйруса бул иш-чара мындан кийин да уланат” – дейт, Бектур Токтоноев уюштуруучу.

Белгилей кетсек, буга чейин оюн+тамактануу иш-чарасын Оштогу «Билерман-Ордо» интеллектуалдык клубу өткөрүп баштаган. Иш-чара Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитети жана «Salymbekov Business School Jalal-Abad» окуу борбору менен биргеликте “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылынын алкагында жарыяланган «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» долбоорунун негизинде өткөрүлгөн.

 

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17