Аймак

МЕКСИКА МЕНЕН ЧЕК АРАДАГЫ АТА-КЫЗДЫН ӨЛҮМҮНӨН КИЙИН ТРАМПТЫН МИГРАЦИЯ САЯСАТЫ СЫНГА АЛЫНДЫ

МЕКСИКА МЕНЕН ЧЕК АРАДАГЫ АТА-КЫЗДЫН ӨЛҮМҮНӨН КИЙИН ТРАМПТЫН МИГРАЦИЯ САЯСАТЫ СЫНГА АЛЫНДЫ

 1,045 Бардыгы /

Америка Кошмо Штаттарында америка-мексика чек арасындагы Рио-Гранде дарыясын сүзүп өтүүгө аракет жасаган сальвадорлук ата-кыздын өлүмүнөн кийин Дональд Трамптын миграциялык саясаты сынга алынды.

Сүрөттөн 25 жаштагы Оскар Альберто Мартинезди жана анын футболкасынын астында атасын мойнунан кучактаган кызды көрүүгө болот. Аны алгач мексикалык La Joranda гезити жарыялаган, кийинчерээк сүрөт дүйнөлүк агенттиктер арасында тараган. Маркумдун аялы Таня Ванесса Авалос дарыянын Мексика бөлүгүндө аман калган.

Сальвадор атайлап киши өлтүрүү, манзат жана кылмыштуулук боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат.

Президент Трамп шайлоо алдында мыйзамсыз миграция менен күрөшүүгө убада берген. Анын администрациясы ырааттуу түрдө миграция эрежелерин катаалдаштыруу боюнча реформаларды жасоо аракетинде. Трамп АКШнын Мексика менен чек арасына дубал тургузуу менен Түштүк жана Борбордук Америкадан келген миграциялык агымды токтоткусу келет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17