Аймак

КЕСИПТИК КОШУУНДАР – ӨМҮР САКЧЫЛАРЫН КОРГОЙТ ЖАНА КОЛДОЙТ

КЕСИПТИК КОШУУНДАР – ӨМҮР САКЧЫЛАРЫН КОРГОЙТ ЖАНА КОЛДОЙТ

 2,232 Бардыгы /

Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик биримдигинин Жалал-Абад областтык комитети медицина кызматкерлерин ар тараптан коргоп да, колдоп да келүүдө. Анткени ден соолук сакчыларынын көйгөйлөрүн оң тарапка чечүү үчүн күрөшөт. Ошол эле учурда алардын руханий-эстетикалык эс алуусуна шарт түзүп берүүдө. Саламаттыгын сактоочулардын кесиптик биримдиги буга чейин эмне жумуштарды аткарган жана мындан кийинки пландары кандай? Бул тууралуу кесиптик кошуундардын төрагасы Эрик ИСМАЕВ менен маек курдук.

 

-Алгач саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик биримдигинин Жалал-Абад областтык комитети жөнүндө учкай кеп болсун?

– Комитет алгач Жалал-Абад областында 1991- жылы март айында түзүлгөн. Карамагына медицина мекемелеринин баштапкы кесиптик уюмдары кирет. Азыркы учурда статистикалык отчёт боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата мекемелердеги кесиптик уюмдардын  саны 68ге жеткен. Ал эми жалпы кесиптик уюмунун мүчөлөрү 2019-жылдын 1-январына бардыгы 13 миң 969 адамды түзгөн. Анын ичинде 12 миң 93ү кызматкерлер болсо, 1976сы медколледждердин окуучулары. Өзгөчө колдоого муктаж аялдар жана жаштарды айтып кетсем, жалпы айымдардын саны 9 миң 686ны, 35 жашка чейинки жаштар 5 миң 40 адамды түзөт.

Жыл сайын пландаштырылган пленум, президиумдар өткөрүлүп турат.  Ал чогулуштарда саламаттык сактоо кызматкерлеринин көйгөй жаратып, чечилбей келаткан маселелери каралып, ошол маселелердин чечиш жолдору да талкууланат. Быйылкы жылга пландаштырылган иштер да өз орду менен аткарылып келе жатат.

-Эң көйгөйлүү маселелер кайсылар?

– Эң көйгөйлүү маселе – бул медиктердин айлык акыларын көбөйтүү жагы. Андан сырткары медицина тармагындагы реформалардын жүрүшү.

Бүгүнкү күндө реформанын алкагында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеген врачтардын айлык акысын көтөрүү, айылдарда кадр маселесин чечүү жагы каралып жатат. Өткөн жылдын октябрь айынан баштап үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыктары 25-28 миңге көбөйдү.  Бирок ал акчаны да атайын киргизилген индикатор аркылуу гана ала алышат. Мындайча айтканда кагаз толтуруу жана башка ыңгайлуу эмес маселелер кошулду. Калган медицина кызматкерлеринин айлык акылары 2011- жылдан бери орточо эсеп менен 11 миң сомдун тегерегинде турат. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштегендердин саны жалпы медицина кызматкерлеринин ичинде 7-8 %ды эле түзөт. Ошондуктан азыркы жасап жаткан биздин ишибиз калган категориядагы медиктердин да айлыгын көтөрүү. Айтпаса да өзүңүздөргө белгилүү азыркы күндө дарыгерлер менен мугалимдердин маяна акысы аз. Коомдо эң керектүү болгон да ушул кесиптер. Бул маселе боюнча саламаттык сактоо министрлигине, өкмөткө, Жогорку Кеңешке тынымсыз кайрылуу жазып жатабыз. Толуктап айтканда маяна маселесин эң биринчи кезекке койгонбуз. Күч аракетибизди жумшап, колдон келишинче аракет кылуудабыз. Жакында 20- июнда Талас облусунда профсоюздардын көчмө пленуму болуп өттү. Пленумдун чечими менен Өкмөткө, Президентке жана ЖК депутаттарына медиктердин айлык акысын көтөрүү жөнүндө кайрылуу жасадык.

Ошол аткарган иштерден жыйынтык болуудабы?

-Профсоюздардын кылган иш-аракетинин жыйынтыгы оозго алынарлык арбын. Мисалга, көп жылдардан бери медиктердин иш стажына төлөнбөй жаткан кошумча акчаларды төлөнүшүнө жетишкенбиз.  2011- жылы жалпы медицина кызматкерлерибиздин айлыгын эки эсе көтөрүү, 2013- жылы алардын «Статусу» жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышы жана башка жетишкендиктерди белгилеп кетсек болот. Андан башка биздин ишибиз, медиктерди акысыз юридикалык, эмгектик коргоо, финансы жана социалдык маселелер боюнча тейлөө. Жыл сайын ушул багыттарда түрдүү арыз-даттануулар, кайрылуулар келип түшөт. Албетте ар бирин четте калтырбай колдоп, коргоп берип туруу милдетибиз. Андай жумуштар айта берсе көп, бул биздин ар күнү аткарчу жумушубуз да.

-Түйшүгү түмөн кесип ээси экениңиздер белгилүү, андыктан эс алуу жагы кандай, шарт түзүп берүү жагы четте калбадыбы?

– Азыркы күндө бардык саламаттыкты сактоо мекемелеринде жамааттык келишимдер түзүлгөн, ал келишимдер – кичинекей мыйзам болуп эсептелинет. Анын пайдасы ушул жерде иштеп жаткан кызматкерлерине администрация жактан, эмгекти коргоо, айлык акы жана башка шарттарды түзүү жагы кепилденген. Ал эми Жалал-Абад областтык  профсоюздар кеңешинен саламаттык сактоо кызматкерлерине 2018-жылы – 115 даана 2 миллион 615 миң 400 сомдук жолдомо берилип, эс алып келишкен. Быйылкы жылы болсо 5 айда эле 42 жолдомо бөлүнүп берилди. Мындан сырткары биздин өзүбүздүн кесиптик уюмунун бюджетинин эсебинен да эс алууга жолдомолор берилет. Өткөн жылы 90 даана, тактап айтканда 1 миллионн 107 миң сомдук жолдомо берилген. Үстүбүздөгү жылы 31 жолдомо – 445 миң 900 сомдук сатып алынды. Бул жолдомолор профсоюзга мүчөлөргө акысыз таркатылып берилди. Мисалы, «Жалал- Абад» санаторийдин жолдомосунун баасы 21 миң 800 сом турат. Эс алуу үйү «Ала-Тоо» 3 орундуу жолдомо 30 миң 600 сом. Башкача айтканда акысыз берилген менен жөнөкөй эле жерлерге эс алууга жөнөтпөйбүз. Эң жакшы бир жылдык мээнетин актап, эс алып келчүдөй жайларга акысыз жиберип туруу шартын түзүүдөбүз. Ошол эле учурда балдар да эстен чыккан жок. Медицина кызматкерлеринин балдары «Алтын-Балалык», «Зорька», «Арууке» эс алуу лагерлерине жиберилет. Кошумчалай кетсем өткөн жылы 47 путевкага медиктердин балдары бекер эс алып келишти. Ошондой эле Жалал-Абад медицина колледжинин профилакториясында 2018 жылы – 450 окуучу-студенттер  жолдомо менен акысыз дарыланып эс алышты.

-Сыйлоо жагын да эске алгансыздарбы? Күн сайын адам өмүрүн сактап калган дарыгерлерге кандай сыйлыктар ыйгарылат болду экен?

– Кадимки катардагы эле башка адистиктин кызматкерлериндей сыйлыктар ыйгарылат. Жыл сайын жакшы иштеген, башкалардан өзгөчөлөнө алгандарга республиканын борбордук профсоюз комитети тарабынан сыйланат. «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик уюмуна эмгеги сиңирген» деген төш белгиси ыйгарылат. Ошондой эле саламаттык сактоо тармагына зор салым кошкондорго «Саламаттык сактоо отличниги» деген төш белгисин алууга документтерин жөнөтүп жылда алып турушат.

Андан сырткары Кыргызстан профсоюздар федерациясынын, борбордук профсоюз комитетинин, Жалал- Абад областтык профсоюз кеңешинин грамота жана акчалай сыйлыктары байма-бай эле тапшырылып турат. Кесиптик уюмунун активисттери майрамдарда четте калбай сый көрүп келишет. Профсоюз мүчөлөрүн материалдык жактан колдоо да унутта калган эмес. Мисалы, 2018-жылы баштапкы кесиптик уюмунун комитеттери кесиптик уюмунун мүчөлөрүнө жалпысын алганда 1 миллион  23 миң 900 сомдук акчалай жардам көрсөтүштү.

Областтык кесиптик уюмунун комитети кесиптик уюмунун мүчөлөрүнө 238 миң 700 сомдук акчалай жардам бердик. Сыйлык жалкы сыймык жалпы дейт эмеспи. Ушундай ийгиликтерге сыйлоолорго кесиптик уюмдун мүчөлөрү талыкпаган эмгеги, пешене теринин арты менен жетишип жатышат.

-Жогоруда арыз-даттануулар жана кайрылуулар боюнча айтып кеттиңиз, кененирээк токтолуп өтсөңүз?

-Бир жылда областтык кесиптик уюмунун комитетине бардыгы болуп кат түрүндө 40 арыз түштү. Алардын мазмунуна жалпылап токтоло турган болсок, эмгекти коргоо, айлык акысы, акчалай жардам жана курортторго жолдомо жөнүндө арыздар экен. Каттарга жооп берип, кайрылгандарга учурунда жардам бердик.

Ал эми бардыгы болуп кесиптик уюмунун комитеттерин кошуп алганда 1002 арыз түшкөн. Бардык түшкөн арыздар текшерүүгө алынып, жооптору арыз жазуучу ээлерине кайтарылды. Эгер профсоюз жок болсо ушул арыздарды мамлекеттик техинспекция же соттор караганга убактары жетпеши анык. Башка инстанцияларга кайрылууга канча убакыт, энергия коромок. А биздин милдет ар дайым жакындан жардамга даяр туруп мүчөлөрдү коргоп алуу.

-Маданий-эстетикалык иш-чаралар уюштурулабы?

-Үстүбүздөгү жылдын апрель айында кезектеги салттуу иш-чарабызды уюштурдук. Анда шаардык медицина кызматкерлери спорттун 7 түрүн камтыган спартакиадасын Жалал-Абад шаарында өткөздүк.  Жеңүүчүлөргө жалпы суммасы 63 миң 400 сомду түзгөн баалуу сыйлыктар жана дипломдорду тапшырдык. Эми күзүндө областтык спартакиаданы өткөрүү пландаштырылган. Аны да жогорку деңгээлде өткөргөнү аракет кылабыз, анткени спорт ден соолук булагы. Ден соолук сакчылары башкаларга үлгү болушубуз керек деп ойлойм. Ошондой эле майрамдарда, белгилүү даталарда сынактар, ыр-кесе жана башка иш-чаралар уюштурулат. Ар жылы жаңы келген, кесиптик уюмунун жаш активисттерин областтык, республикалык семинарларга жиберип турабыз.

-Кесиптик кошуундун өзүндө да көйгөйлөр болсо керек?

-Акыркы күндөрү кээ бир Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан профсоюздардын мыйзамын өзгөртүү,  профсоюздардын укуктарын кысуу иш аракеттери жүрүп жатат. Ал аракеттер Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Эмгек кодексине жана башка эл аралык мыйзамдарга карама- каршы болгонун жалпы коомчулук, профсоюздар белгилеп, ушул аракеттерге каршы иш аракеттер жүрүп жатат. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңешке, президентке сунуштар менен кайрылдык. Биздин жасаган, жасап жаткан, келечекте дагы жасашыбыз керек болгон иш-аракеттерди айтып кеттим. Кесиптик уюмдардын комитеттерин колдоо канчалык керектиги бештен белгилүү. Андыктан тиешелүү тараптар туура жана акыйкат кадам жасайт деген үмүттөбүз.

-Кесиптик майрамыңыздар да утурлап келе жатат, кесиптештериңиздерге эмне демекчисиз.

-Учурдан пайдаланып, мен өлкөдөгү кесиптештеримди -медицина кызматкерлерин келе жаткан кесиптик майрамы менен кызуу куттуктагым келет. Биринчи кезекте баарына чың ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоону жана ийгиликтерди каалайм. Кесиптештеримдин ар биринин ишинде ал-албан ийгиликтер коштоп, алгылыктуу жаңылыктар жандасын демекчимин. Анткени медицинанын өнүккөнү эң чоң жетишкендик. Ден соолук сакчысы болуп эл кызматында, эл алкышында, сүймөнчүгүндө жүрө беришиңиздерге тилектешмин.

 

Роза АКМАТЖАН кызы,  “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17