Аймак

ИИМ АЙРЫМ ЖОЛДОРДО ЫЛДАМДЫК ЧЕГИН СААТЫНА 110 ЧАКЫРЫМГА ЧЕЙИН КӨТӨРҮҮНҮ СУНУШ КЫЛДЫ

ИИМ АЙРЫМ ЖОЛДОРДО ЫЛДАМДЫК ЧЕГИН СААТЫНА 110 ЧАКЫРЫМГА ЧЕЙИН КӨТӨРҮҮНҮ СУНУШ КЫЛДЫ

 824 Бардыгы /

Кыргызстандын ичиндеги эл аралык маанидеги айрым жолдордогу ылдамдыктын эң жогорку чеги 110 чакырымга чейин жогорулатылышы ыктымал. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ушундай сунуш киргизди.

Министрликтин көз карашында, бул чекти көтөрүү жолдордун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн арттырат.

ИИМ Кыргызстандын транспорттук паркы коопсуздуктун заманбап талаптарына жооп берген күлүк машинелер менен толукталып жатат деп эсептейт. Коомдук талкууга коюлган документтин негиздемесинде акыркы жылдары эл аралык маанидеги жолдор оңдолгону, кайсы бир бөлүктөрүнүн чети, ортосу тосулганы, бул кырсыктарды азайтууга салым кошкону жазылган.

Ылдамдыктын чеги жолдун шарттары коопсуз кыймылды камсыз кыла турган жерлерде көтөрүлүшү мүмкүн.

Учурда калктуу конуштардан сырт жерде ылдамдыктын эң жогорку чеги саатына 90 чакырым деп белгиленген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17