Аймак

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДА ЖАЛГАН МААЛЫМАТ ТАРАТКАНДАР ЖООПКЕРЧИЛИККЕ ТАРТЫЛАТ

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДА ЖАЛГАН МААЛЫМАТ ТАРАТКАНДАР ЖООПКЕРЧИЛИККЕ ТАРТЫЛАТ

 2,608 Бардыгы /

Мындан ары социалдык тармактар аркылуу жалган маалымат тараткан жарандар жоопкерчиликке тартылышат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык акыркы убактарда Кыргызстандын аймагында интернет тармагынын facebook, whatsapp баракчалары аркылуу белгисиз атуулдар тарабынан аймактар аралык жаңжалды козутуу максатын көздөгөн аудио жазуулар таратылып жаткан. Буга байланыштуу Жалал-Абад ОИИБнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы дин кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Алар Жалал-Абад областынын шаар жана райондорундагы жума намазы окулган жана жамааты көп мечиттерде айтылуучу баян учурунда жергиликтүү тургундарга бул багыттагы маалыматтарды жеткиришип, элди аймактарга, түндүк түштүк болуп бөлүнбөй, улуттар аралык мамилени чыңдап жана башка ар кандай чагымчыл күчтөргө алданып провокацияларга алдырбоого чакырышууда.

Ошондой эле, улуттар аралык кастыкты козутууну көздөгөн атуулдар, ар кандай чагымчыл видеолорду таратышып, өлкө аймагында туруксуздукту көздөгөндөр – Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана Жаза Кодексинин беренелерине ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертишти.

 

«Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17