Аймак

ЛИВИЯДА КАЧКЫНДАР ЛАГЕРИНДЕГИ АВИАСОККУДАН 40 КИШИ ӨЛДҮ

ЛИВИЯДА КАЧКЫНДАР ЛАГЕРИНДЕГИ АВИАСОККУДАН 40 КИШИ ӨЛДҮ

 1,132 Бардыгы /

Ливиянын борбору Триполинин качкындар жайгашкан лагерине абадан чабуул жасалып, кеминде 40 киши өлдү, 80 киши жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн эл аралык коомчулук тарабынан таанылган өкмөтүнүн өкүлдөрү билдирди.

Ливия бийлиги авиасокку үчүн генерал Халиф Хафтардын Ливия Улуттук армиясынын күнөөлөөдө. Өлкө бийлигин тааныбаган бул күч апрелде Триполиге чабуул жасай баштаган.

Ливия өкмөтүнүн маалыматы боюнча курман болгондордун көбү Европага барууга аракет жасаган Африка өлкөлөрүнөн келген мигранттар болчу. Акыркы жылдары Ливия алар үчүн негизги өтмөк болуп калган.

Франс-Пресс агенттиги өз булактарына таянуу менен бомбалардын бири 120 киши жайгашкан ангарга түшкөнүн жазды.

Ливия Улуттук армиясы жоопкерчиликти өз мойнуна алган жок.

Апрель айынан бери Триполидеги уруштан 500дөн ашуун киши жайрады, 75 миңдей жергиликтүү тургун өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.

www…

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17