Аймак

БИШКЕКТЕГИ МИТИНГ БИЙЛИККЕ МӨӨНӨТ ЧЕКТЕДИ

БИШКЕКТЕГИ МИТИНГ БИЙЛИККЕ МӨӨНӨТ ЧЕКТЕДИ

 808 Бардыгы /

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары Бишкекте өткөргөн митингде бийликке бир нече талап коюлуп, резолюция кабыл алынды.

Анда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкен убактан тартып шайлоо өнөктүгүндө айткан убада, ураандарынан четтегени белгиленген.

Мындан сырткары мыйзамсыздыкты токтотуу, өкмөттү кызматтан кетирип, элдик өкмөттү шайлоо, УКМКнын, Башкы прокуратуранын, ИИМдин жетекчилерин тезинен алмаштыруу, камакта мыйзамсыз отурган саясий оппонеттерди бошотуу, чуулгандуу иштерди адилеттүү тергөөнү камсыз кылуу, мамлекеттик бийликтин беделин кетирген аткаминерлерди люстрациялоо, мамлекеттик аппараттын чыгымдарын кыскартуу, жетекчилик кызматтарга жаңы, прогрессивдүү адамдарды алып келүү тууралуу талаптар айтылган. Бийликке эки ай мөөнөт берилип, ал ишке ашпаса Сооронбай Жээнбековдун жана парламенттин кызматтан кетиши талап кылынары белгиленди.

Бишкектеги «Медиа Форум» имаратынын алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары өткөргөн тынч митинг жыйынтыкталды. Уюштуруучулар ага үч миңдей киши катышканын белгилеп жатышат. Эркин байкоочулар жана журналисттер миңдин тегерегинде киши катышканын айтышты.

Бүгүнкү митингди өткөрүүгө 27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевдин «экс-президент» макамын алып, кол тийбестиктен ажыратканы негиз болгон. Бул чечим укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Мурдагы президенттин ондогон тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы анын үйүндө топтолуп, тилектештик билдирип турушат.

Буга чейин саясатчы Азимбек Бекназаров учурдагы саясий кырдаалга пикирин билдирип, Атамбаевди элди чогултпай, сот аркылуу ак экенин далилдөөгө чакырган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17