Аймак

РОУХАНИ: ИРАН УРАНДЫ КААЛАГАН ДЕҢГЭЭЛДЕ БАЙЫТАТ

РОУХАНИ: ИРАН УРАНДЫ КААЛАГАН ДЕҢГЭЭЛДЕ БАЙЫТАТ

 805 Бардыгы /

Иран президенти Хасан Роухани уранды байытууга киргизилген чектөө аткарылбай турганын билдирди. Ал АКШны өзөктүк келишимди кайрадан таанууга чакырды.

Роуханинин айтымында, Иран каалаган деңгээлде уран байытат. Президент Вашингтон менен макулдашууга жетишсе, чечим “бир сааттын ичинде” жокко чыгырыларын белгилеп, эл аралык коомчулукту тынчсызданбоого чакырды.

Роухани Эгер АКШ Тегеранга болгон санкциялык басымды азайтпаса, Арак шаарындагы реактордун ишин жандандыранын кошумчалады. Реактор 2015-жылы Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишим түзүлгөндөн кийин жабылган. Анда Тегеран өзөктүк курал эмес, электр кубатын өндүрүү үчүн 3,6% гана уран байытууга макул болгон.

Дүйшөмбүдө Иранда аз байытылган урандын запасы 2015-жылдагы эл аралык келишимде каралган 300 килограммдык лимиттен ашып кеткени расмий белгилүү болгон. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) бул маалыматты ырастап, Иран АКШнын эл аралык келишимден чыкканына жооп кайтарып жатканын билдирген.

АКШ былтыр майда эл аралык келишимден чыгып кеткен жана Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17