Аймак

МОСКВАДА ПОЛИЦИЯ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ ГОЛУНОВДУН ИШИНЕ БАЙЛАНЫШТУУ КЫЗМАТЫНАН ЧЕТТЕТИЛДИ

МОСКВАДА ПОЛИЦИЯ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ ГОЛУНОВДУН ИШИНЕ БАЙЛАНЫШТУУ КЫЗМАТЫНАН ЧЕТТЕТИЛДИ

 781 Бардыгы /

ИИМдин Москва боюнча башкы башкармалыгы журналист Иван Голуновдун ишине байланыштуу дагы бир полиция бөлүмүнүн башчысын жумуштан четтетти. Кеп Москванын Батыш административдик окуругунун мыйзамсыз маңзат жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Андрей Щиров жөнүндө болуп жатат.

“Интерфакс” маалымдагандай, тергөө учурунда ал убактылуу жумуштан четтетилген. Бул маалыматты июндун аягында РБК тараткан, бирок эми гана тастыкталды.

“Голуновдун ишине” байланыштуу буга чейин полициянын эки генералы, анын ичинде Москванын Батыш округу боюнча Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси отставкага кеткен.

6-июнда Щировдун кол алдында иштеген кызматкерлер “Медузанын” журналисти Иван Голуновду кармашкан. Анын рюкзагынан жана батиринен маңзат табылганы айтылган. Журналисттер коомчулугу аны жапырт түрдө колдоп чыккандан кийин 11-июнда Голунов бошотулган, ага тагылган айыптар алынып салынган. Журналист маңзатты кимдир бирөө ага таштап койгонун айтып, муну журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17