Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА МУРДАГЫ БАШКЫ ПРОКУРОР ОТАБЕК МУРОДОВ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛГАНЫ АЙТЫЛУУДА

ӨЗБЕКСТАНДА МУРДАГЫ БАШКЫ ПРОКУРОР ОТАБЕК МУРОДОВ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛГАНЫ АЙТЫЛУУДА

 811 Бардыгы /

Өзбекстан күч түзүмдөрүндөгү бири-бирине көз карандысыз эки булактын билдиришинче, мурдагы башкы прокурор ага тагылган айыптарды мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга макулдук берген.

Бул маалыматты Муродовдун тууганы жана мурдагы кесиптеши да тастыктады. Бирок өзбек бийлиги экс-прокурордун үй камагына чыгарылганы жөнүндө расмий түрдө кабар бере элек.

Ташкенттик адвокаттардын бири Муродовго мамлекеттик жактоочу дайындалганын билдирди.

Отабек Муродовдон шаардан чыкпоо жана үй камагы учурунда Интернет, мобилдик телефон менен колдонбоо жөнүндө тилкат алышкан.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын билдиришинче, 2-июлда Отабек Муродовду конвойдун коштоосунда үйүнөн суракка алып кетишкен. Ошол эле күнү ал мурдагы прокуратура кызматкерлери менен беттештирилген.

44 жаштагы Отабек Муродов кызмат абалынан кыянат пайдаланууга, пара берүү жана алууга айыпталууда.

www.
Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17