Аймак

ТЕҢГИЗДЕГИ ЖАҢЖАЛДАН КИЙИН ЛИВАН ЖАНА ИОРДАНИЯ ЖАРАНДАРЫ МЕКЕНИНЕ КАЙТТЫ

 876 Бардыгы /

Ливандын мамлекеттик National News Agency агенттиги Казакстандын Теңгиз кениндеги жаңжалдан кийин 126 жараны мекенине кайтканын билдирди.

Агенттиктин маалыматына караганда, Ливанга кайткандар – Теңгизде иштеген «Теңгизшевройл» менен кызматташкан Consolidated Contractors компаниясынын жумушчулары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү. Ливандыктар үйлөрүнө 2-июлда жеткирилген.

Бул арада Иордания тышкы иштер министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, Теңгизде иштеген 107 жарандын кыркы элине кайткан.

Теңиз кенинде 29-июнда жергиликтүү жумушчулар чет өлкөлүктөргө кол көтөргөн, мунун айынан калайман мушташ чыккан. Анда 40тай адам жабыркаганы маалым болгон.

Жаңжалга ливандык жарандын колундагы рацияны казак кыздын оозуна туштап түшкөн сүрөтү себеп болгон. Нааразылыкка чыккандар жумуштагы шарт, айлык акыга байланыштуу теңсиздик тууралуу да даттанышкан.

Кенди иштеткен чет өлкөлүк компания казакстандыктардан кечирим сураган.

Казакстандын ички иштер министрлиги Теңиз мунай кениндеги калайман мушташтын «негизги уюштуруучусу» деп шек саналган бир адам камакка алынганын, дагы бир топ адамга байланыштуу иликтеп-тергөө жүрүп жатканын билдирди.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17