Аймак

ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ СЕМИНАР ӨТҮЛДҮ

ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ СЕМИНАР ӨТҮЛДҮ

 1,256 Бардыгы /

Үстүбүздөгү жылдын 2-3 июлунда Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында Жаңгак мөмө-жемиш токойлорун жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү жамааттарды катыштыруу аркылуу биоартүрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу” дорбоорунун алкагында, GIZ Германия эл аралык кызматташтык коому жана “CAMPalatoo” коомдук фонду менен биргеликте журналисттер үчүн эки күндүк тренинг болуп өттү.

Ага Арстанбап-Ата токой чарбасынын жетекчиси Кеңеш Пиназаров, “Лесик-Юг” экология коомунун адиси Закирходжа Сарымсаков, Жалал-Абад облусунун райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын журналисттери катышты.

Журналисттерди топтоп аларга биздин токойлордо жана жайыттарда кандай көйгөйлөр бар экендиги тууралуу идея мурун эле пайда болгон. Биз аны ишке ашыра алдык. Биз журналисттер менен кеңири маалымат бөлүшө алдык. Эми алар өздөрүнүн окурмандарына жана көрөрмандарына бул маалыматты дагы да терең жеткире алат деп үмүттөнөбүз”,-дейт “Лесик-Юг” экология коомунун адиси З.Сарымсаков.

Андан сырткары журналисттерге саякат уюштурулуп, токойдун ичинен таанышып, көйгөйлөрдү жеринен көрүүгө мүмкүнчүлүк пайда болду.

Тренингдин максаты токойлорду, жайыттарды сактоо жана калыбына келтирүү. Аны менен бирге эле калкка бул тууралуу маалыматтарды кеңири жеткирүү болуп саналат.

Кошумчалай кетсек, долбоордун негизги максаты – калкты, айрыкча, жаштар жана ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жана этникалык азчылыкты түзгөн адамдарды туруктуу иш менен камсыздоо алардын киреше алуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу болуп саналат. Ал 2020-жылдын сентябр айына чейин созулмакчы.

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17