Аймак

БИШКЕКТЕ ЧЕТ ЭЛДИК ЖАРАНДЫ САБООГО ШЕКТҮҮ КИШИ КАРМАЛДЫ

БИШКЕКТЕ ЧЕТ ЭЛДИК ЖАРАНДЫ САБООГО ШЕКТҮҮ КИШИ КАРМАЛДЫ

 808 Бардыгы /

Бишкек шаардык милициясы «Айчүрөк» соода борбору тарапта нигериялык жаранды сабады деген киши 3-июлда кармалганын билдирди. Ал Ысык-Көл облусунун 1997-жылы туулган тургуну болуп чыкты.

Жабыркаган чет элдик 2-июлда токмок жеп, Улуттук госпиталга түшкөн. Ал жактан милицияга кабар берилген. Күбөлөр Нигериянын 1985-жылы туулган жаранын белгисиз киши ур-токмокко алганын билдиришкен. Азыр ал реанимацияда комада жатат.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясы окуяны Жазык кодексинин 138-беренеси («Саламаттыкка оор зыян келтирүү») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Шектүү шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында.

Буга чейин шаардын борборунда эс-учун жоготуп жаткан ынды кара кишиге жарандар жардам берип жатышканы тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Жабырлануучу Бишкектеги «Cambridge School» тил үйрөнүү мектебинде иштей турганы айтылган.

Окуядан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күнөөлүүнү тез арада табууну ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге тапшырган. Чырга эмне себеп болгону белгисиз.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17