Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,480 Бардыгы / Жалал-Абаддык Алмаз Нышанов аттуу жаран ушул жылдын апрель айында интернет (lalafo) аркылуу Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүндө жайгашкан 1 гектар 10 сотых жер тилкесин 180 миң сомго Жалал-Абад шаарынын тургуну Тамара Кадырова менен баалашкан. Акчасын берип, бирок ушул кезге чейин ала албай жатканын маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында май айларынын орто ченинде шаардык […]
2,481 Бардыгы / Жалал-Абаддык Алмаз Нышанов аттуу жаран ушул жылдын апрель айында интернет (lalafo) аркылуу Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүндө жайгашкан 1 гектар 10 сотых жер тилкесин 180 миң сомго Жалал-Абад шаарынын тургуну Тамара Кадырова менен баалашкан. Акчасын берип, бирок ушул кезге чейин ала албай жатканын маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында май айларынын орто ченинде шаардык […]
ИНТЕРНЕТ (LALAFO) АРКЫЛУУ АЛДАНГАН ЖАРАН КАЙРЫЛДЫ
05.07.2019 / Автор anarkan_kg2,482 Бардыгы /
Жалал-Абаддык Алмаз Нышанов аттуу жаран ушул жылдын апрель айында интернет (lalafo) аркылуу Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүндө жайгашкан 1 гектар 10 сотых жер тилкесин 180 миң сомго Жалал-Абад шаарынын тургуну Тамара Кадырова менен баалашкан. Акчасын берип, бирок ушул кезге чейин ала албай жатканын маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында май айларынын орто ченинде шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган, бирок ушул кезге чейин тергөөгө чакырган эмес.
“Ушул жылдын апрель айынын башында мен Орусияда эмгектенген досум Бактыбек уулу Кудаяр менен бирге, ал жакта иштеп тапкан каражатына бул жактан жер тилкесин алып, ишкерлик кылалы деп пландадык. Ага карай интернет аркылуу жер тилкесин издедик. Досум бул планды ишке ашыруу максатында Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жерге-Тал айылынан 1 гектар, 10 сотых жер тилкесин арзан баага тапканын айтты. “Акчаны сага котором, сен барып төлөп, жерди өзүңдүн атыңа өткөрүп турасың. Ал эми мен Кыргызстанга барганымда мыйзамдуу түрдө өз атыма өткөрүп алам” – деп жардам суранган. Мен ага макул болдум. Чынын айтсам менде эч кандай күмөнсүрөө болгон эмес. Акчаны бергенге чейин ошол жер тилкесин көрүү максатында эже менен бирге Көк-Арт айыл өкмөтүнө да барып сугат жер менен жер тилкесин көрдүк. Мен аны көрүп, эч кандай күмөнсүрөө болгон эмес. Биз жер тилкесин көргөнү барган учурда ал мени бир адамга кезиктирип, ушул адам жерди мыйзамдуу түрдө сага өткөрүп берет деп айтты. Мен ал адамга паспортумдун көчүрмөсүн жана телефон номеримди таштап келдим. Ошол учурда ал киши жерди толугу менен май айынын орто ченинде толук өткөрүп берем деп айтты. Бирок тилекке каршы жумуш андай болгон жок. Май айынан баштап жерди сатып алган эже мага ар кандай шылтоолорду айта баштады. Башта жер толук чыкпай жатат, 20 сотых кошунанын жерине кирип кетиптир, жерди сага өткөрөйүн десем тиги киши Казарманга жумуштар менен кетип калыптыр деп ишти созо берди”,- деди жабырлануучу А.Нышанов.
Мындан сырткары ал жер сатып жаткан Т.Кадырова аттуу жаранга баш аягы 156 миң сомдон ашык каражат бергенин, бирок майнап чыкпагандан кийин милицияга кайрылганын кошумчалады.
“Апрель айынын башында Кудаяр мага акча которду, мен ал акчаларды Тамара эжеге бөлүп-бөлүп бердим. Башта 64 миң сом, кийин 36 миң, андан кийин 20 миң кылып берип, жалпы 120 миң сом бердим. Андан кийин досумдун жездеси 40 миң сомдой акча берди. Ошентип жалпы 160 миңдей акча бердик. Анын баарысына тил кат жаздырып алганбыз. Бирок Тамара эже ар шылтоонун башын бир айтып, ишти созуп жатат. Акыркы жолу 18-майда сүйлөшкөм, анда эже тоодо экенин айтты, 3 күндүн ичинде мага жолугарын билдирген. Чалсам телефонун өчүрүп салыптыр. Май айынын орто ченинде шаардык ички иштер башкармалыгына Т.Кадырованын үстүнөн арыз менен кайрылдым. Бирок ушул учурга чейин тергөөчүлөр мени чакырып, төргөөнүн жүрүшү менен тааныштырган жок”,- деп кошумчалады Алмаз Нышанов.
Ал эми милиция бул факты боюнча кылмыш иши козголгонун, бирок аты аталып жаткан жаран Тамара Кадырова чет өлкөгө качып кеткендигине байланыштуу иш токтоп турганын билдирди.
“15-майда Жалал-Абад шаарынын тургуну Т.Кадырованын үстүнөн арыз түшүп, бул иш боюнча кылмыш жана жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык боюнча) аркылуу кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүштүк иши башталган. Бирок аты аталып жаткан жаран 22-май күнү Орусия аймагына качып кеткендигине байланыштуу, тергөөдө беттештирүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Ошол себептүү тергөө тапшырмалары берилди. Башкача айтканда иш токтобой уланат же болбосо Т.Кадырова Кыргызстанга кайтканда тергөө амалдары жүрөт”,-деп билдирди Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы.
Кошумчалай кетсек, бул макала жазылып жаткан учурда Тамара Кадыровага байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ошол себептүү биздин редакция экинчи тараптын оюн угууга дайым даяр.
Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯДАН ОШКО ДЭЭРЛИК 400 ТОННА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТКИРИЛДИ
-
-
12.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН ТЭЦи МЭРИЯНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛДҮ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.