Аймак

АКШда СОТ ДУБАЛ КУРУУ ҮЧҮН ПЕНТАГОНДУН АКЧАСЫН КОРОТУУГА КАЙРАДАН БӨГӨТ КОЙДУ

АКШда СОТ ДУБАЛ КУРУУ ҮЧҮН ПЕНТАГОНДУН АКЧАСЫН КОРОТУУГА КАЙРАДАН БӨГӨТ КОЙДУ

 1,052 Бардыгы /

АКШда 9-федералдык округдун (Калифорния) апелляциялык соту Пентагондун каражатынын бир бөлүгүн Мексика менен чек арада дубал курууга жумшоо боюнча Трамптын администрациясынын аракетине бөгөт койгон төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

Соттун токтомунда Пентагондун каражатына аскерий мүнөздөгү өзгчөчө кырдаал түзүлгөндө гана “кол салууга” мүмкүн экени айтылган. Башка учурларда аткаруу бийлиги Конгресс тарабынан бекитилген бюджеттик ресурстарды өзүм билемдик менен бөлөк максаттарга жумшай албайт.

Администрацияга каршы көрсөтмө берген эки судьянын бири Кенже-Буш, экинчиси Обама тарабынан дайындалган. Алардын пикиринде, администрация доо арыз менен жогорку инстанцияга кайрылса, утулат.

Администрация апелляциялык соттон Жогорку сот акыркы чечим чыгарганга чейин дубалдын курулушуна Пентагондун акчасын жумшоого уруксат берүүнү сурады.

Конгресс бюджетти бекитүүдөн баш тарткандыктан, Трамп быйыл январда чек арага жакын аймактарда өзгөчө кырдаал жарыялаган. Анын натыйжасында мамлекеттик мекемелердин бир бөлүгү 35 күнгө ишин токтоткон. Трамп Мексика менен чек арада дубал курууга 5 миллиард доллар сураган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17