Аймак

БАШКЫ ПРОКУРАТУРА 6-ИЮЛДА МИТИНГГЕ ЧЫККАНДАР ЖАЗАЛАНАРЫН ЭСКЕРТТИ

БАШКЫ ПРОКУРАТУРА 6-ИЮЛДА МИТИНГГЕ ЧЫККАНДАР ЖАЗАЛАНАРЫН ЭСКЕРТТИ

 1,017 Бардыгы /

Казакстан башкы прокурорунун орун басары Болат Дембаев жарандарды 6-июлда митингге чыкпоого чакырды.

Дембаевдин айтымында, социалдык түйүндөрдө 6-июлда мыйзамсыз митинг уюштуруу чакырыктары жаңырууда. Чиновник муну коомдук тартипти жана коопсуздукту бузуу деп атады. Дембаев 6-июлда мыйзамсыз иш-аракеттер болсо, полиция аларга чара көрөрүн эскертти.

Казакстанда “экстремисттик” деп таанылган “Казакстандын демократиялык тандоосу” уюмунун жетекчиси, бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов социалдык түйүндөр аркылуу 6-июль Астана жана Назарбаевдин туулган күнүндө казакстандыктарды митингге чыгууга үндөгөн.

Казакстанда президенттик шайлоого байланыштуу 9-10-июндагы митингдерге катышкан деген жүйө менен Нур-Султанда жана Алматыда ар кандай эсеп боюнча миңге чукул киши кармалган. Алардын айрымдары камалып, айрымдарына айыппул салынган.

Бийлик алардын кармалышын ”зарыл болгон чара” деп сыпаттаса, БУУ жана «Human Rights Watch» баштаган эл аралык уюмдар адам укуктарын бузуу катары баалаган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17