Аймак

МОГЕРИНИ АЗИМЖАН АСКАРОВДУН МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНЫП ЖАТКАНЫН АЙТТЫ

МОГЕРИНИ АЗИМЖАН АСКАРОВДУН МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНЫП ЖАТКАНЫН АЙТТЫ

 747 Бардыгы /

Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини Кыргызстанда өмүр бою түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун маселеси талкууланып жатканын билдирди.

7-июлда Бишкекте «Европа Биримдиги – Борбор Азия» тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан соң «Азаттыктын» кабарчысынын суроосуна ал:

– Бул маселеге байланыштуу бардык суроолор талкууланып жатат. Маселе ачык-айкын жана конструктивдүү пикир алмашуунун негизинде талкууланып жатканын белгилейм, – деп жооп берди.

Федерика Могерини Бишкекке келерден бир жума мурун, 1-июлда адам укуктарын коргогон эл аралык сегиз уюм ага кайрылып, Азимжан Аскаровду боштондукка чыгаруу маселесин көтөрүшкөн.

Кайрылууда 68 жаштагы Азимжан Аскаровдун саламаттыгы начарлап кеткени, аны түрмөдөн чыгарып башка мамлекетке дарыланууга жөнөтүү зарылдыгы белгиленген.

2010-жылдагы июнь калабасындагы кандуу кагылыштар үчүн айыпталган Аскаров өмүрүн аягына чейин камалган. Аскаров күнөөнү мойнуна алган эмес.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17