Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,244 Бардыгы / Түйшүгү түмөн, бирок, жаратылышы ашкере кооз Кыргызстандын түштүк жергесине агылышкан чет өлкөлүк саякатчылардын саны күн өткөн сайын улам арбып баратат. Булардын арасында АКШнын жарандары дагы бар. Алардын айрымдары Ош шаарынын тургундары менен өздөрүнчө жолугушуп, “Кара жорго” бийине түшүшүп, башкап өнөрлөрүн дагы топтолгон элге көрсөтүп жатышканда капыл-тапыл кепке тарттык. Пол НОРДВИГ, АКШнын жараны, саякатчы: – […]
1,245 Бардыгы / Түйшүгү түмөн, бирок, жаратылышы ашкере кооз Кыргызстандын түштүк жергесине агылышкан чет өлкөлүк саякатчылардын саны күн өткөн сайын улам арбып баратат. Булардын арасында АКШнын жарандары дагы бар. Алардын айрымдары Ош шаарынын тургундары менен өздөрүнчө жолугушуп, “Кара жорго” бийине түшүшүп, башкап өнөрлөрүн дагы топтолгон элге көрсөтүп жатышканда капыл-тапыл кепке тарттык. Пол НОРДВИГ, АКШнын жараны, саякатчы: – […]
АМЕРИКАЛЫК САЯКАТЧЫЛАР: “БЕЙИШТИН ТӨРҮН БАЙЫРЛАЙТ ЭКЕНСИҢЕР. КЕДЕЙ ЖАШАГАНГА АКЫҢАР ЖОК!”
08.07.2019 / Автор aymak1,246 Бардыгы /
Түйшүгү түмөн, бирок, жаратылышы ашкере кооз Кыргызстандын түштүк жергесине агылышкан чет өлкөлүк саякатчылардын саны күн өткөн сайын улам арбып баратат. Булардын арасында АКШнын жарандары дагы бар. Алардын айрымдары Ош шаарынын тургундары менен өздөрүнчө жолугушуп, “Кара жорго” бийине түшүшүп, башкап өнөрлөрүн дагы топтолгон элге көрсөтүп жатышканда капыл-тапыл кепке тарттык.
Пол НОРДВИГ, АКШнын жараны, саякатчы: – Дүйнөнүн эң ажайып жерлерин армансыз эле кыдырдым. Чындыгында,булардын бири дагыӨзгөн районундагы айтылуу Кара-Шоро жайлоосуна дегеле тең келбейт! Бул жакка жер кезгендеркөп катташкандыктан, жергиликтүү калк конок күтүү маданиятын куп өздөштүрүшүптүр. Миң шылтоо издесең дагы булардын тейлөөсүнөн бир кынтык таппайсың. Азаматтар! Ушинтип адамча жашоону үйрөнгүлө, айланайындар!
Лин ЖАНСЕНС, АКШнын жараны, саякатчы: – Мурун келгенимде Ысык-Көлгө армансыз чөмүлдүм эле. Эми минтип Чоң-Алай районундагы эң бийик Ленин чокусуна көтөрүлүп, кооз табийгатыңарга суктандым жана ырахаттандым. Кымыз ичип, анан ат минип чапкыладым. Жашырып эмне, бейиштин төрүн гана байырлайт экенсиңер. Тилекке каршы, Ош шаарындагы көп көчөлөрдү кыдырата олтурушкан тилемчилерди көрүп, албетте, ичим аябай эле ачышты. Кыргызстандыктар ушундай даражага жетип калдыңарбы, ыя? Ушундан көрө пайдаланылбай жаткан кен-байлыктарыңарды чекесинен урунуп, катарынан ишканаларды ачып, ошонун үзүрүн көрбөйсүңөрбү? Айланайындар! Кагылайын Манастын урпактары! Бейиштин төрүн байырлап, анан минтип итке минип кедей жашаганга таптакыр акыңар жок, эй!
Эзра ЭДМОНС, АКШнын жараны, саякатчы: – Биз өмүрүбүздө тапкан-ташыганыбыздын көбүн жер кыдырып, анан эл тааныганга гана сарптайбыз. А силер өмүр бою чогулуткан каражатыңарды заматта максатсыз эле ашкере сарптап, үстөккө-босток аш-той өткөрүп, тажия жана батаканаларга гана сарптайт экенсиңер. Анан кантип байымак элеңер, эй? Кантип жашооңор оңолот? Кичине рынок шартына ыңгайлашып, жашоо-шартыңарды заман талабына жараша оңдогонго үйрөнбөйсүңөрбү?
Кыскасы, Кыргыздын ашкере ысырапкорчулугуна, ар-намысынын өтө тайыздыгына, келечегине таптакыр көңүлкоштугуна конокторубуз деле кападар. Таптакыр мурдун балткап кеспеген калкыбыз чет элдик коноктордун бул жүйөөлүү сынынан деги качан оң жыйынтык чыгараар экен, ыя?
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Ош шаары
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
27.06.2023 / Автор anarkan_kg АРСТАНБЕК ЖОЛДОШОВ – КАРА-СУУ ШААРЫНЫН ЖАҢЫ МЭРИ
-
11.07.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА МЕДЕТБЕК ЭРГЕШ УУЛУНА СПОРТ ЧЕБЕРИ НААМЫ ТАПШЫРЫЛДЫ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.