Аймак

КЫРГЫЗСТАН ЖАНА ТАЖИКСТАН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛЕРИ ЖОЛУГУШТУ

КЫРГЫЗСТАН ЖАНА ТАЖИКСТАН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛЕРИ ЖОЛУГУШТУ

 954 Бардыгы /

БИШКЕК. «Европа Биримдиги+Борбор Азия» Тышкы иштер министрлеринин Кеңешмесинин алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен жолугушту.
Анда боордош эки өлкөнүн Тышкы саясий ведомстволорунун башчылары Кыргыз-Тажик кызматташтыгын өнүктүрүүнүн эң актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты жана эки мамлекеттин башчыларынын жолугушуусун уюштуруу маселелерин дагы кенен-чонон талкуулашты. Эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн чек арага жанаша аймактарында ынак коңшулукту жана туруктуулукту колдоо үчүн зарыл чараларды кабыл алууга өзгөчө басым жасалды.
Чыңгыз Айдарбеков менен Сироджиддин Мухриддин ушул жылдын 6-июлунда Тажикстан Республикасынын Исфара шаарында аяктаган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөт делегацияларынын жумушчу топторунун сүйлөшүлөрү жакшы ургаалдуу динамикага ээ болду деген бирдиктүү пикирге келишти.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17