Аймак

АЗЫРКЫ ЗАМАНДЫН БАЛАЛЫГЫ

АЗЫРКЫ ЗАМАНДЫН БАЛАЛЫГЫ

 2,754 Бардыгы /

Жаш балдардын зордук-зомбулукка кабылганы, эрте эмгекке тартылуусу тууралуу байма-бай угуп жүрөбүз. Жыл башынан бери (5 ай ичинде) жашы жете элек өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштардын саны 51 болсо, 2018-жылы – 59га катталган. Анын ичинен зордук-зомбулукка 5 бала (2018-ж. – 6) кабылган.  Ал эми суицид – 5 (2018-ж. 5 ай ичинде – 6). Жаш балдар эмгекке эрте тартылуудабы? Зордук-зомбулукка кабылган  баланын психологиялык абалы кандай? Анын алдын алууга кандай аракеттер көрүлөт? Ушул жана башка суроолор алкагында тийиштүү адистерге кайрылып көрдүк.

Камчыбек ШАБОЛОТОВ, Жалал-Абад ОИИБнин КККнын ЖЖӨИИнин тескөөчүсү: “ЖУМУШТУН ООР, ЖЕҢИЛИНЕ КАРАП, ҮЧ ТАРАПТУУ КЕЛИШИМ ТҮЗҮЛӨТ”

 -Жаңы мыйзамда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктар боюнча КРнын  Жоруктар жөнүндө Кодексинин 75-беренеси бар. Эгер зордук-зомбулук катталса, биз тездетилген тергөөнүн негизинде топтолгон материалдарды 14 күн ичинде сотко жөнөтүшүбүз керек. Сот карап, балага канчалык зыян келтирилгенин аныктап, 2-категориядагы айыппул сала алат.

Окуя негизинен  кандай учурда, кайсыл жерде болгонуна карап ага байланыштуу юридикалык баа берилет. Эгер билим берүүчү мекемеде болгон болсо зордук-зомбулуктун 3 түрүнө (үй-бүлөлүк, сексуалдык жана психологиялык) ылайык каралат.

Бала мыйзамга ылайык бала ата-энеси менен чоңоюшу керек делет. Ата-энеси тарабынан зордук-зомбулукка кабылган учурда социалдык коргоо аркылуу балдар үйүнө жайгаштырылат деген жери да бар. Бирок, бул окуя кайрадан кайталанган учурда соттун чечими менен 6 айга же бир жылга реаблитациялык борборлорго жайгаштырат.

Оор жумуш  канчалык өспүрүмгө зыян келтирсе, ошончолук зыян жумуш болуп эсептелет. Бул юридикалык жактан, жалпак тилден алганда араба түртмөй же дагы башка жумуштар. Бизге оор болуп көрүнгөнү менен арабанын ичине жеңил жүк салып иштесе, физикалык жактан зыяндуулугу оор жумуш болуп эсептелбей калышы ыктымал. Ошол себептен жумуштун оор жана жеңилине карап 3 тараптуу келишим түзүлөт. Белгилей кетүүчү жагдай 18 жашка чейинки жаш өспүрүмдөр бир күндө 4 саат гана иштеши каралган.

Барчынай ЖАЛИЛОВА, Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы: “БАЛАНЫ ТАРБИЯЛОО ӨТӨ ОРЧУНДУУ МАСЕЛЕ”

Зордук-зомбулук акыркы учурда балдардын арасында курч маселе болуп жатат. Айрыкча ата-энеси мигрант болгондор кайгылуу окуяларга  дуушар болууда. Булар деген ата-энеси эч кандай мыйзамдуу камкорчу дайындабастан, туугандарына таштап кеткенден болуп жатат. Мындай иштер боюнча бизде былтыркы жылы ата-энеси мигрант болуп кеткен балдарды аныктоо жана кандай адамдарга таштап кеткенин билүү үчүн шаарда үймө-үй кыдыруу жүргүзгөнбүз. Анын негизине 1057 бала мигранттардын балдары деп министрликке маалымат бергенбиз. Алардын ичинен 12 бала күбөлүгү жок чыккан, азыркы учурда 9 балага күбөлүк алып бердик. 4 бала убактылуу камкорчулукка берилип, бир бала мыйзамдуу түрдө камкорчунун колунда. Быйыл да ушундай кыдырууну жүргүзүп жатабыз. Жалал-Абад шаарында эле 42 миң 337 бала бар. 18 жашка чыга элек балада кандай гана маселе болбосун биздин катышуубузда чечип беребиз.

Эгер ата-энеси тарабынан зордук-зомбулук көрсө сөзсүз түрдө биздин карамагыбызга өткөрүлөт. Ал баланын психологиясы жабыркап калганынан биз ал менен өтө жогорку деңгээлде иштейбиз. Алардын мамилесин кайрадан калыбына келтирүү үчүн бардык аракетти көрөбүз.

Азыркы күндө ата-эне менен турган баланы тарбиялоо өтө орчундуу маселе. Ата-энеси тарбия иретинде кээде кичине урушуп же кол тийгизип коюшу мүмкүн. Бул көбүнчө 13-14 жаштардагы балдар жана ата-энелер ортосунда болуп калат. Себеби бала ушул маалда өспүрүм куракты баштан өткөрөт. Тил укпай же ата-энесине каяша айтып, мамилелери келишпей калган учурлар болуп калат.

Эмгекке тартуу боюнча базарларда, унаа жуучу жерлерге, кирпич чыгаруучу жайларда эмгек деген рейд болот. Анда социалдык коргоо кызматкерлери, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекторлор менен чогуу чыгабыз. Мыйзамда бар 14 жашка чыга элек балдар жумуш аткарууга мүмкүн эмес. 14 жашка толгондон кийин 18 жашка чейин оор эмес жумуштарды аткарса болот. Денесине залалы тийбеген жумуштарды аткарууга 3 тараптын келишими менен уруксат берилген. Ал жумуш берүүчү, баланын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү жана социалдык коргоо кызматкерлеринин катышуусунда түзүлөт. Балдар ошол келишимдин гана негизинде иштешет.

Дильнура ТАШЫБЕКОВА, психолог: “БАЛА ДҮЙНӨНҮН ЭМНЕ ЭКЕНДИГИН ТҮШҮНБӨГӨН ӨЗГӨЧӨ БЕЛЕК”

-Өспүрүм куракка чейин баланын жашоосунун биринчи этабы, андан кийин же чоң жашоого киришет. Тарбияны да биринчи курактан баштоо керек, себеби көйгөй ушул этаптан башталат. Ушул учурдан эле балага толук мээрим берип, ишенимин арттырып, сүйүү менен толтуруп, сен мыктысың, акылдуусун деп фундаменттин бекемдесе,  өспүрүм курак женил болот.  Эгерде ошол маалда мээримге сүйүүгө тойбой калган бала болсо өспүрүм куракта сөзсүз көйгөй жаратат. Себеби анын жан дүйнөсү тойгон эмес, ошон үчүн өтө кыйналат. Алар атайын эмес, билбестен ар кандай иш-аракетке же жаман жолго барып алышат.

Өспүрүм кандайдыр бир жаман иш же кылмышка жан дүйнөсү эч кимге керек эместей сезген учурларда барат. Ал ошондо өзүн күнөөлүү сезип, кечире албайт. Балдар эмне туура,эмне туура эмес экенин билбейт да, ошондуктан ката кетирет. Зордук-зомбулукка кабылууга, ката кетирүүгө балдардын психологиясы даяр эмес. Ошого байланыштуу бала жабылып калат. Андыктан ката кетиргенден кийин кайрадан өзүн кечирүүгө, катасын оңдогонго үйрөтүү керек.

Баланы жакшы, жаман деп бөлүүнүн кереги жок. Себеби ал таза барактуу, бул дүйнөнүн эмне экендигин түшүнбөгөн өзгөчө белек. Аны бир туура жолго салып тарбиялоо ата-эненин милдети. Биздин ата-энелер эмне болуп жатат? Үй, тиричилик, дүнүйө деп балдарга керектүү мээр бере албай, кайрадан эле өздөрү жабыркайт.  Бала менен ата-эненин ортосунда байланыш болбосо, сүйлөшпөсө анда бала кимге көйгөйүн айтат?

Эрте эмгекке тартылууга жалгыз бой  ата-энелердин балдары кабылат. Бул дегени үй-бүлө ажырашкандан кийин эркек жоопкерчилиги жок болуп, таштап коет. Аялдын кыйналганын көрүп бала өз алдынча чоңое баштайт. Турмушта тырышчак болот, эрте эмгекке үйрөнөт деген менен бул жарат болуп калат. Ар бир кездин өз доору болот. Балалыкты сүйүнүп жаркылдап өткөрсө тагдыры да жеңил болот. Кыйналып, кыйынчылыкты көрүп өскөн баланын жан дүйнөсүндө деле бир нерсе калып калат. Бул деле бир оор жүк, аларда бул дүйнөгө болгон нааразычылык пайда болот. Жашоодон жакшы нерселерди көрбөй чоңоюп калат.

Тиешелүү адистер жогорудагыдай пикирин бергени менен базар араласаң кадам сайын жаш өспүрүмдөрдүн араба тартып же соода кылып жүргөнүнө баарыбыз күбөбүз. Чоң адамдардай өз арабасын өзү тартып жүргөн бул өспүрүмдөрдүн кандай максатта иштеп жатканын өздөрүнөн сурап көрдүк.

Белек, 12 жашта.

-Жайкы каникул учурунда апам менен соодага чыгам.  Быйыл 7-класска көчтүм. Мен тамакка кошулчу татымалдарды сатып иштейм. Апам менин жанымда нан сатуу менен алек. Ошондуктан дайыма апамдын көзөмөлүндө болом.

Мээрим, 13 жашта.

-Биз сиңдим экөөбүз суусундук менен балмуздак сатып иштейбиз. Иштегенибизге бир жылдай болуп калды. Кээде ордубузга апабыз чыгып калат. Азыр жайкы каникулда  болгонубузга байланыштуу өзүбүз чыгып жатабыз.

 

 

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17