Аймак

БУУ: БИР ЖЫЛДА ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ЗОМБУЛУКТАН 50 МИҢГЕ ЖАКЫН АЯЛ КАЗА БОЛГОН

БУУ: БИР ЖЫЛДА ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ЗОМБУЛУКТАН 50 МИҢГЕ ЖАКЫН АЯЛ КАЗА БОЛГОН

 1,138 Бардыгы /

Дүйнөдө 2017-жылы 50 миңге жакын кыз-келин өнөктөштөрү же туугандары тарабынан жасалган зомбулуктан улам каза болгон. Мындай маалымат Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Маңзаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын 8-июлда жарыяланган баяндамасында жазылган.

Баяндамада белгиленгендей, жалпысынан 2017-жылы кылмышкерлердин колунан 87 миң аял каза тапкан. Ушул эле жылы бардык куралдуу кагылыштардын жыйынтыгында 89 миң киши мерт болгон.

Баяндаманын авторлору 2012-жылга салыштырмалуу үй-бүлөдөгү зомбулуктан каза болгон аялдардын саны өскөнүн белгилешүүдө. 2017-жылы үй-бүлөлүк зомбулук учурларынын көбү Азияда (дээрлик 20 миң) катталган. Африкада 19 миңдей, Америка континентинде 8 миң, ал эми Европада 3 миң аял өнөктөшүнүн жана туугандарынын колунан ажал тапкан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17