Аймак

ТАЖИКСТАНДА УУЛАНЫП КАЗА БОЛГОН СОТТОЛУУЧУЛАРДЫН СӨӨГҮ ЖЕРГЕ БЕРИЛДИ

ТАЖИКСТАНДА УУЛАНЫП КАЗА БОЛГОН СОТТОЛУУЧУЛАРДЫН СӨӨГҮ ЖЕРГЕ БЕРИЛДИ

 1,027 Бардыгы /

Тажикстандын Согди облусунда ууланып каза болгон соттолуучулардын сөөгү коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта жерге берилди. Журналисттердин тажияга катышуусуна жана каза тапкандардын туугандары менен сүйлөшүүсүнө уруксат берилген жок.

Окуя 7-июлда соттолгон 128 кишини Душанбе, Нурек жана Яван колонияларына которуу учурунда болгон. ӨлкөнүнЖазаларды аткаруу кызматы билдиргендей, соттолуучулар нан жегенден кийин өздөрүн жаман сезе баштап, жыйынтыгында 14ү каза тапкан.

«Азаттык» радиосунун тажик кызматынын маалыматына караганда, 8-июлда каза болгондордун сөөгү аз адамдын катышуусунда жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен күч түзүм кызматкерлеринин көзөмөлүндө өттү.

Бийлик өлкөнүн Башкы прокуратурасы бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштаганын билдирди.

Ал ортодо социалдык түйүндөрдө ууланып каза болду делген камактагылардын биринин бети көгөргөн сүрөттөрү жарыяланды. Азырынча бул сүрөттөрдүн аныктыгын көз карандысыз булактардан ырастоого мүмкүн боло элек.

Белгилүү тажик дарыгери адам нанга ууланышы мүмкүн экенин, бирок бул кээ бир учурларда гана өлүмгө алып келе турганын билдирди.

 www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17